Жаңылыктар

Ысык-Көлдө Кыргызстан менен Өзбекстандын аскерлери биргеликте машыгуу өткөрүүдө

Ысык-Көлдө Кыргызстан менен Өзбекстандын аскер кызматкерлери биргелешип машыгууда. Бул тууралуу КР Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-июлда 10128 аскер бөлүгүнүн базасында Кыргызстан менен Өзбекстандын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардияларынын атайын багыттагы аскерлеринин жана инженердик-сапердук түзүмдөрдүн биргелешкен атайын-тактикалык сабактарынын жана тренингдеринин ачылыш аземи өттү.

Биргелешкен атайын-тактикалык сабактар жана тренингдер 2023-жылдын 23-июлунан 2-августуна чейин «Эдельвейс» окуу-машыгуу борборунда өтөт.

«Бир жума ичинде биздин аскер кызматчылар өзбек коллегалары менен атайын багыттагы түзүмдөрдүн даярдыктарын үйрөнүшөт. Андан тышкары, планга ылайык атайын-тактикалык даярдык, тоо даярдыгы, ок атуу, байланыш боюнча жана башка сабактар уюштурулуп, инженердик-сапердук түзүмдөр үчүн атайын даярдык сабактары уюштурулат», — деп айтылат маалыматта.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *