Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 24-июлга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн Кыргызстандын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +33…+38, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +34…+39, Ысык-Көл облусунда +27…+32 жана Нарын облусунда +28…+33 градус болушу күтүлөт.
Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +36…+38 градус болот.