Жаңылыктар

Бирөө каза болду, жабыркагандар бар. Бишкектин четинде жүк ташуучу унаа маршрутканы артынан келип сүздү

Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунда жогорку ылдамдыкта келген жүк ташуучу унаа жүргүнчүлөрдү ташыган №169- маршрутканы артынан келип сүзгөн. Кырсыктын видеосу социалдык тармактарга тарады.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришкендей, алдын ала маалыматка ылайык, алты адам жабыркап, бирөө каза болду.

Ошондой эле ведомстводон кошумчалашкандай, ыкчам маалыматка ылайык, жүк ташуучу унаанын айдоочусу уктап кеткен.

Учурда кырсыктын чоо-жайы такталууда.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *