Спорт

Евробиримдиктин башчысы Шарль Мишель Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Анын маалыматына караганда, Евробиримдиктин башчысы үстүбүздөгү жылдын 2-июнунда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өтчү «Европа Биримдиги — Борбордук Азия» экинчи саммитине катышат.

«Эртеси, 3-июнда, Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишелдин Кыргызстанга расмий сапары болот. Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландаштырылууда. Тар жана кеңейтилген форматтарда тараптар кыргыз-европалык өнөктөштүк маселелерин талкуулашат», — деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *