Жиу-житсу боюнча курама команда эл аралык рейтингдик турнирден үч медаль жеңип келди. Мелдеш ушул жылдын 7-9-июль күндөрү Абу-Даби шаарында өткөн.
Кыргызстандык спортчулар алтын, күмүш жана коло медаль тагынышкан.
Алсак, чоңдор арасында Марлим Иманкулов алтын утса, Азат Иманкулов күмүш, Жеңишбек Мамбетов коло медаль тагынды.