Жаңылыктар

Коргоо министрлиги: Куралга этиятсыз мамиле кылуудан улам аскер кызматкери каза болду

Куралга этиятсыз мамиле кылуудан улам аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

“Куралга этиятсыз мамиле кылуунун кесепетинен 35524-аскер бөлүгүнүн контракт менен кызмат өтөп жаткан аскер кызматкери каза болду”, — деп айтылат маалыматта.

Ведомстводон белгилешкендей, учурда кырсыктын чоо-жайы такталууда. Аталган факт боюнча кызматтык иликтөө дайындалды.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *