Жаңылыктар

Быйыл «Ысык-Көл досторун чакырат-2023» этно-карнавалына 400дөн ашуун бала чогулат

Быйыл «Ысык-Көл досторун чакырат-2023″ этно-карнавалына 400дөн ашуун бала чогулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлайт.

Иш-чара 7-июлдан 12-июлга чейин Ысык-Көлдө өтүп, ага Беларусь, Казакстан, Россия, Өзбекстан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан келген балдар катышат.

Билим берүү жана илим министри бүгүн “Ысык-Көл досторун чакырат-2023” XIII Эл аралык этно-карнавалынын делегация өкүлдөрү менен жолугушту.

Министр өз сөзүндө этно-карнавал достуктун, маданий интреграциянын, тажрыйба алмашуунун башаты болгон эң сонун долбоор экендигин белгиледи.

“Чыңгыз Айтматов өзүнүн эң мыкты чыгармаларын Ысык-Көлдүн жээгинде жазган. Андыктан Ысык-Көл сиздерди сөзсүз шыктандырат деп ишенем», — деди ал.

Этно-карнавал президенттин “Улуттук каада-салт жөнүндө” жарлыгын аткаруу максатында Билим берүү жана илим министрлиги менен “Балажан” республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-методикалык борбору тарабынан уюштурулууда.

Этно-карнавалдын максаты – Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн этномаданий өзгөчөлүктөрүн изилдөө, жандандыруу жана сактоо, көркөм, музыкалык, вокалдык, хореографиялык таланттарды өнүктүрүү, балдардын достугун чыңдоо.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *