«Түндүк» ведомство аралык электрондук өз ара аракеттешүү тутуму системасы ишке киргенден бери 1 млрд ашык суроо-талап каралды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйында “Түндүк” мамлекеттик мекемесинин директору Чыңгыз Аманатов билдирди .
Анын айтымына караганда, бүгүнкү күндө системада жалпысынан 204 катышуучу катталган, анын ичинен 77си мамлекеттик, 127и коммерциялык.
«1 млрд ашык суроо-талап каралды, башкача айтканда, биздин мамлекеттик органдар жана коммерциялык уюмдар көп сандаган кагаздарды жана калктын убактысын үнөмдөөгө жетишти», — деди ал.
Ошондой эле Аманатов «Түндүк» системасына электрондук кызматтардын мамлекеттик порталы интеграциялангандыгын эске салды. Анда 37 мамлекеттик органдын 149 кызматы жана серверлери жана 60тан ашык онлайн кызматтары бар.