Жаңылыктар

Эстрада ырчысы Гүлжигит Калыков уулдуу болду

КРдин Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Калыков уулдуу болду. Бул тууралуу ырчынын жубайы социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Биз бүгүн үчүнчү жолу ата-эне болдук. Толкундоо сезими биринчи жолкудай эле. Эң башкысы ден соолугу бекем болсун», — деп жазды ал.

Эскерте кетсек, Гүлжигит Калыков жубайы Айпери экөө 2016-жылы 8-июлда баш кошкон. Калыков 2012-жылы «Евразия жылдызы» музыкалык сынагынын жеңүүчүчүсү болуп табылган. 2017-жылы КРдин Эмгек сиңирген артисти наамын алган.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *