Жаңылыктар

Таш-Көмүрдө дайынсыз жоголгон 7 жаштагы бала табыла элек

Таш-Көмүрдө дайынсыз жоголгон 7 жаштагы бала табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-июнда саат 10:30 чамасында Таш-Көмүр шаарынын Новостройка айылында 7 жаштагы Н.Т. аттуу бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Бала Нарын дарыясына түшүп кетиши мүмкүн экендиги болжолдонууда.

25-июнда издөө иштерин жүргүзүү максатында 7 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 4 адам тартылган. Кеч киргендигине байланыштуу издөө иши токтотулду. Натыйжа болгон жок.

Бүгүн, 26-июнда издөө иштери улантылат.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *