Жаңылыктар

Жалал-Абад шаарында тил эрежелери сакталбаган көрнөк-жарнактар алынууда

Жалал-Абад шаарында мамлекеттик тил эрежелери сакталбаган, кыргыз тилинде туура эмес жазылган көрнөк-жарнактардан арылуу максатында рейд уюштурулду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө эскилиги жеткен жана тил эрежелерин сактабаган көрнөк-жарнактар жеринде алынып, бир катар соода түйүндөрүнүн, ашканалардын ээлерине эскертүүлөр берилди.

Рейдге шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, тийиштүү мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышты.

Эскерте кетсек, мындай рейддер байма-бай уюштурулуп келет. Шаарда бул багыттагы иш-аркеттер алдыда дагы улантылмакчы.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *