Жаңылыктар

Бишкекте салмагы 5 кг ашуун төрөлгөн ымыркайга Алим деген ысым ыйгарылды

Бишкекте салмагы 5 кг.дан ашуун төрөлгөн Алимге салтанаттуу түрдө туулгандыгы тууралуу күбөлүк тапшырылды.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын 16-июнунда Бишкек шаарында жашаган Сатымкуловдордун үй-бүлөсүндө салмагы 5 кг 130 грамм болгон уул төрөлгөн.

Буга байланыштуу Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин Аймактар аралык бөлүмдүн кызматкерлери бактылуу үй-бүлөнү куттуктап, салтанаттуу түрдө жаңы төрөлгөн баатырга туулгандыгы тууралуу күбөлүк тапшырышты.

Жаңы төрөлгөн ымыркайга ата-энеси Алим деген ысымды ыйгарды, Алим үй-бүлөнүн тун уулу.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *