Жаңылыктар

Соцфондго беш айда 4 миңден ашуун кайрылуу түшкөн

Социалдык фонддун коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына 2023-жылдын январь-май айларында 4 миң 315 кайрылуу келип түшкөн.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, анын ичинде:

  • жазуу түрүндө кайрылуулар – 155;
  • ооз эки кайрылуулар – 479;
  • электрондук кайрылуулар – 89;
  • Соцфонддун жетекчилиги тарабынын кабыл алынды – 54 жаран;
  • ишеним телефондор аркылуу – 2376;
  • уюлдук ишеним телефону аркылуу – 1162.

Жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук, оозеки) кайрылуулардын тематикасы боюнча төмөнкү багыттарда суроолор келип түшөт:

  • пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө;
  • мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө;
  • пенсияларды индексациялоо тууралуу;
  • пенсияга укугу боюнча;
  • пенсия чектөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө тууралуу;
  • пенсиянын өчөмүнө кайра эсептөө боюнча;
  • пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө жөнүндө;
  • Соцфонддун ишмердүүлүгү боюнча башка суроолор.

Социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө келип түшкөн бардык суроолор боюнча мамлекеттик жана расмий тилде жеткиликтүү жооптор берилип келүүдө.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *