Тогуз-Торо районуна III даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Нарын дарыясында суунун көлөмү көтөрүлүп Тогуз-Торо районуна караштуу АБЗ тилкесин суу жеп, Ынтымак конушунда жайгашкан 200 кожолукка жана 16 гектар айдоо жерине, Аэропорттун учуу конуу тилкесин суу жеп кетүү коркунучу пайда болгон.
Мындан улам Тогуз-Торо райондук жарандык коргонуу комиссиясына «Айгай» жарыяланып Жалал-Абад облусттук жарандык коргонуу башчысы А.Сыргабаев жана ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник А.Закировдун катышуусунда штабдык отурум өтүп, Тогуз-Тороо районуна 3-даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Жеринде Нарын дарыясынын белгиленген тилкесинде суунун нугун буруу иштери жүрүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жана жарандык коргонуу кызматынан тиешелүү оор техникалар тартылып, алар күйүүчү май менен камсыздалды.
Remarkable! Its in fact amazing paragraph, I have got much clear idea on the topic of from this paragraph.