Жаңылыктар

Мыйзамсыз иштерге жол бербөө. Бишкектеги мектептерде атайын кайгуулдар уюштурулууда

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери Бишкектеги орто билим берүү мектептерде кайгуулдарды уюштуруп жатышат.

Башкармалыктын кызматкерлери бүгүн Бишкек шаарындагы мектептерге бөлүнүп, жол коопсуздугун камсыз кылууда.

Ошондой эле кызматкерлер мектептеги иш-чарага катышып, окуучулар жана ата-энелер менен жолугушууларды өткөрүшүүдө.

«Бүтүрүүчүлөр майрамдык маанай менен атайын унааларды жалдап, эс алуучу жаратылыш жайларына, түнкүсүн кафе, клуб, ресторандарга чогулуп, ичимдик ичип, унаа башкарып мыйзамсыз иштерге катышып калбоосун эскертишүүдө», – айтылат маалыматта.

Рейддин максаты жаш өспүрүмдөрдүн жол кырсыктарына жана мыйзам бузууларга кабылуусун алдын алууга багытталган.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *