Жаңылыктар

Россиялык журналисттер үчүн Ысык-Көлгө пресс-тур уюштурулду

16-19-июнда Россиянын Свердлов жана Челябинск облустарынын алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн Ысык-Көлдө пресс-тур өткөрүлдү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, пресс-турду Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу КР ТИМдин Экономикалык дипломатия департаменти жана президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен биргеликте уюштурду.

Пресс-турдун катышуучуларына Ысык-Көлгө иш сапар уюштурулуп, аймактын, анын ичинде Каракол шаарынын тарыхый-маданий эстеликтери, популярдуу туристтик жана башка кооз жерлери көрсөтүлдү. Россиянын ЖМК өкүлдөрү санаториялык-курорттук мекемелерде, эс алуу жайларында жана пансионаттарда болушту. Россиядан келген коноктор Көлдүн түштүк жээгиндеги «Алмалуу» жана «Бел-Там» заманбап боз үй лагерлеринде көчмөндөрдүн маданияты, каада-салттары жана жергиликтүү усталардын кол өнөрчүлүгү менен таанышып, чыгармачыл коллективдердин өнөрүн чоң кызыгуу менен көрүп, улуттук даамдарды татышты.

Ысык-Көл облусунун облустук телекөрсөтүүсү менен Свердлов жана Челябинск облустарынын аймактык телеканалдарынын өз ара кызматташтыгын кеңейтүү максатында маалымат алмашууну жол коюуга макулдашып, туризм жаатын камтыган келишимдерге кол коюшту.

Пресс-турдун катышуучулары Кыргызстандын туристтик-рекреациялык мүмкүнчүлүктөрү жогору экендигин белгилешип, Россиянын Урал тургундарын биздин өлкөнүн туристтик потенциалы менен кеңири тааныштыруу үчүн кыргызстандык өнөктөштөр менен биргелешкен маалыматтык иштерди жүргүзүүгө даяр экенин билдиришти.

Ушул жылдын 19-июнунда пресс-турдун катышуучулары Ысык-Көл районунун жетекчилиги, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жана «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун өкүлдөрү менен биргеликте Екатеринбург – Тамчы багыты боюнча 2023-жылдын биринчи авиарейсинин учуп келишине карата салтанаттуу жыйынга катышышты. Ушул эле самолёт менен коноктор Уралдын борборуна учуп кетишти.

Пресс-тур «Урал» авиакомпаниясынын, ошондой эле КР Экономика жана коммерция министрлигинин колдоосу менен өтүп, Ысык-Көл облусуна Свердлов жана Челябинск облустарынын туристтик компаниялары үчүн буга чейин уюштурулган эки маалыматтык турду толуктады.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *