Жаңылыктар

Бишкектин Манас проспектисинде көрктөндүрүү иштери жүрүүдө

Бишкек шаарынын Манас проспектисинде көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, борбор калаанын вице-мэри Нурдан Орунтаев мэриянын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Уран Мусаев менен биргеликте иштин жүрүшү менен таанышты.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында муниципалдык аймакка чыгып кеткен объектилер алынууда.

Мындан сырткары, бузулган объектилердин ордунда көрктөндүрүү иштери жүрүп, демөөрчүлөрдүн эсебинен №49 жана №57 үйлөрдүн фасады сырдалууда.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *