Жаңылыктар

Тогуз-Торого жаңы аким дайындалды

Манас Мураталиев Тогуз-Торо районуна аким болду.

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык Мураталиев Манас Манапбекович Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп дайындалды.

Мураталиев 1983-жылдын 25-январында Нарын шаарында туулган.

Бул кызматка келгенге чейин «Бишкек» эркин экономикалык аймагында директордун орун басары кызматын аркалаган.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *