Кечээ, 15-июнда Нарын жергесине иш сапары менен келген Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь президенттин өкүлү Алтынбек Эргешов менен жолуккандан кийин «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү жайында болду.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, элчи КР президентинин Нарын облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров менен бирге Кыргыз-Кытай чек арасындагы жүк өткөрүү ишинен кабар алды.
Иш сапарында Кытай элчиси «Торугарт» көзөмөл өткөрүү жайы эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкта чоң көпүрө болуп келгенин айтты. Ал эки өлкөнүн президенттери кол койгон келишимдерге ылайык, «Торугарт» көзөмөл өткөрүү жайы модернизацияланаарын, соода-экономикалык кызматташтык мындан да жакшырып, жакынкы жылдарда товар жүгүртүү 2 эсеге көбөйөөрүн билдирди.