Ала-Бука райондук прокуратурасынын тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-июнда саат 09:40 чамасында Башкы прокуратура тарабынан УКМКнын ыкчам коштоосунда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук прокуратурасынын тергөөчүсү А.А. арыз ээсине карата сот өндүрүшүндөгү кылмыш иши боюнча маселелерди оң чечүү үчүн 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.
Ведомстводон белгилешкендей, акча каражаттары А.А.нын унаасынан табылды.