Жаңылыктар

«Коопсуз шаар». 5 айда республикалык бюджетке 243,8 млн сом түштү

2023-жылдын 5 айында «Коопсуз шаар» долбоорунан республикалык бюджетке 243,8 млн сом түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө» мыйзамындагы «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентинин экинчи этабын ишке ашырууну эске алуу менен 900 млн сом өлчөмүндө финансылык каражат каралган.

2023-жылы каралган каражаттардын ичинен Санариптик өнүктүрүү министрлигине министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, подрядчы «Вега Оперейтинг Компани» ЖЧКсы менен түзүлгөн келишимдерге жана 2022-жылдын октябрь, ноябрь, декабрь айлары жана 2023-жылдын январь айлары үчүн берилген салыштыруу актысына ылайык эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн 45,6 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүндү.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *