Жаңылыктар

Курулуш материалдары сакталган кампа өрттөндү

9-июнга караган түнү Бишкек шаарынын Матросов көчөсү, 1А (Сыр база) дарегиндеги кампалардын биринен өрт чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жерине түнкү саат 1:30да ӨКМдин 10 өрт өчүрүү-куткаруу тобу, андан тышкары ИИМден 3 топ, Тез жардам кызматынан 1 экипаж, райондук электр станциясынан 1 бригада, «Тазалык» ишканасынан суу ташыган унаанын айдоочусу барып, өрт таңкы саат 4:39да чектөөгө алынган.

«Өрт болжолдуу 3800 чарчы метр аянтка жайылган. Ыкчам аракеттердин арты менен 22 кислород баллону, 5 пропан баллону тышка чыгарылып, ламинат материалдар, 270 чарчы метр аянтта сакталып турган тазалоочу каражаттар, ошондой эле жакын жайгашкан кампалар сакталып калган»,-деп жазылат маалыматта.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыктан жабыркаган адамдар жок. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери уланууда.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *