Ошто кырсыктан 3 өспүрүм каза болду. Айдоочу унааны уруксатсыз айдап чыккан

 1-июндан 2-июнга караган түнү Ош шаарынын Озгур айылында жол кырсыгы катталып, 3 өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, айдоочу «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү унааны башкара албай, жол боюндагы каналга түшүп кеткен. Натыйжада кырсыктан айдоочу жана эки жүргүнчү каза болгон. Алар: — 2006-жылы туулган Т.Б., Озгур айылынын тургуну, Кара-Суу районунун «Ак-Буура» …

Жалал-Абад облусунда эки чакан ГЭС курулууда

Жалал-Абад облусунда эки чакан ГЭС курулууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, анын бири ата мекендик инвесторлор тарабынан Сузак районунда «Көгарт» чакан ГЭСи курулууда. Анын кубаттуулугу 6,7 МВт түзөт. Долбоордо коюлган план боюнча ЧГЭС ушул жылдын 3-кварталында бүтүшү керек. Эгерде “Көгарт” ЧГЭС ишке кирсе, Сузак районуна караштуу Ленин айыл өкмөтүн электр …

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди

. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди. Тажикстандын президентин “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды. Белгилей кетсек, Эмомали Рахмон Кыргызстанга 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн келди

Ош жана Жидда шаарларынын ортосунда боордоштук байланыш түзүү талкууланды

Жидда шаарында Кыргызстандын Сауд Аравия Падышалыгындагы элчиси Улукбек Марипов Мекке облусунун губернаторунун орун басары улуу даражалуу ханзаада Бадр бин Султан бин Абдулазиз менен жолугушту. КР ТИМден билдиришкендей, жолугушууда тараптар ар кандай деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштурууга, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, түз авиакаттамдарды ачуунун маанилүүлүгүнө, ошондой эле эки өлкөнүн аймактарынын ортосунда достук мамилелерди орнотууга өзгөчө …

Бишкекте Балдарды коргоо күнү белгиленди

Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө Бишкектеги Ала-Тоо аянтында балдар майрамы өткөрүлдү. Балдарды майрамы менен борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров куттуктады. «Балдар – биздин келечегибиз, үмүтүбүз, жашообуздун жарыгы жана маңызы. Ар бир бала мээримге бөлөнүп, бактылуу балалыкта, татыктуу жашоого укуктуу. Дени сак, адептүү, акылдуу, билимге умтулган балдарды тарбиялоо ириде ата энелер менен катар ал да биздин …

9-11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация башталды

Бүгүн, 2-июнда өлкө мектептеринде 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация башталды. Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бүтүрүүчүлөр 5 предметтен, анын ичинен 4 милдеттүү жана 1 тандоо боюнча аттестациядан өтөт. 9-класстын аттестациядан өтүү графиги: 1. 2023-жылдын 2-июну – математика/алгебра, комплекстүү тест жазуу түрүндө; 2. 2023-жылдын 7-июну – эне тилинен, дилбаяндын элементтери менен баяндама; …

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди. Жогорку даражалуу конокту “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды. Белгилей кетсек, Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн келди.

Ормон хан тууралуу тасма үчүн мыкты сценарийге сынак жарыяланды

Кинематография департаменти Ормон хан Ниязбек уулунун (Ормон хан) жөнундө тасма тартуу үчүн мыкты сценарийге сынак жарыялайт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, тартыла турган тасма Ормон хандын 230 жылдык мааракесине арналып, анын өмүр жолун жана ишмердүүлүгүн баяндамакчы.Сынакка билдирмелер 1-июндан 1-августка чейин кабыл алынат. 30 мүнөткө чейинки даректүү тасмалардын долбоорлору кабыл …

Быйыл Кыргызстанда биринчи жолу жайыт чөптөрдүн үрөнүн сатып алууга каражат бөлүндү

2023-жылы Кыргызстанда алгачкы жолу жайыт чөптөрүнүн үрөнүн сатып алууга каражат бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Айыл чарба министрлигинин Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментине үстүбүздөгү жылдын башында 10 млн сом бөлүнгөн. Жалпысынан быйылкы жылга карата жайыт чөптөрдүн уруктарын сатып алуу максатына 30,4 млн сом акча каражаты каралган. Ошентип, бүгүнкү күнгө карата департаменттин …

Шавкат Мирзиёев президенттикке талапкерлигин койду

30-майда Ишкерлер  кыймылы менен Либерал-демократиялык партиянын 30-майдагы съездинде Өзбекстандын азыркы мамлекеттик башчысы Шавкат Мирзиёевди президенттикке талапкер катары бекитти. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматы билдирди. Президенттик администрацияга жакын “Источник” Телеграм каналы билдиргендей, президент шайлоо алдындагы программасында өнөр жайдагы “мегадолбоорлор”, Улуттук социалдык камсыздоо агенттигин түзүү, автоунаалардын чыгарууну көбөйтүү жөнүндө айткан. Мыйзамга ылайык, Либерал-демократиялык партия президенттикке талапкер …