«Айыл банк» дыйкандарга 10,4 млрд сомдук айыл чарба техникасын лизингге берди

Азыркы учурда айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөргө 10,5 млрд сомго 5 миң 54 бирдик техника берилди. Бул тууралуу айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, «Айыл банк» ААК аркылуу республиканын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө айыл чарба техникаларынын жана жабдууларынын бардык түрлөрү жеңилдетилген шарттарда – жылдык 6-9% менен 7 жылдан 10 жылга чейин берилет.

Бишкекте Садыр Жапаров менен Катар Эмиринин расмий жолугушуу аземи башталды

Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын президенти  Садыр Жапаров менен өлкөгө биринчи жолу мамлекеттик сапар менен келген Катар Мамлекетинин  Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин менен жолугушуу аземи башталды. «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында ,мрамор чатырдын астында Кыргызстандын жана Катардын мамлекеттик желектери илинип,Ардак кароол тизилип ,килемдер төшөлдү.Мамлекет башчыларынын өз ара саламдашуусунан кийин Катар менен Кыргызстандын гимни жаңырды.Эки өлкөнүн лидерлери …

Автожарыш уюштурган 34 адам кармалган

Жалал-Абад облусунун аймагындагы көчө автожарыштарынын уюштуруучуларына жана катышуучуларына карата профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, облус тургундарынан, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынан келип түшкөн көптөгөн даттанууларга байланыштуу КР УКМК органдары тарабынан Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кайгуул кызматы менен бирдикте унаа бейбаштык менен алектенген топтун мыйзамсыз аракеттерине …

Кытайдын «ЦзыЦзинь” корпорациясы КРнын инвестициялык долбоорлоруна катышууга кызыкдар

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасынын “ЦзыЦзинь” корпорациясынын өкүлдөрү менен жолукту. Жолугушууда тараптар тоо-кен тармагындагы эки тараптуу кызматташуулар тууралуу актуалдуу маселелерди талкуулашты. Өз кезегинде “ЦзыЦзинь” корпорациясынын өкүлдөрү министрлер кабинетине “Алтынкен” ЖЧКсынын инвестициялык долбоорун ишке ашырууда туруктуу колдоосу жана жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы башка инвестициялык долбоорлоруна катышууга кызыкдарлыгын кошумчалашты. Белгилей кетсек, …

Садыр Жапаров ЕККУнун башкы катчысы Хельга Мария Шмидди кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Борбор Азия өлкөлөрүн кыдырып жүргөн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун (ЕККУ) башкы катчысы Хельга Мария Шмидди кабыл алды. Өз ара кызыкчылык жараткан бардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө, ошондой эле жакынкы келечекте кызматташуунун приоритеттери тууралуу пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы ЕККУнун баш катчысы менен учурашып, өлкөбүзгө — социалдык-экономикалык өнүктүрүү, коопсуздукту …

Чынбаева КМШга мүчө мамлекеттердин балдар омбудсмендеринин комиссиясынын I отурумуна катышты

Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева видеоконференц-байланыш форматында КМШга мүчө мамлекеттердин балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу (омбудсмендердин) комиссиясынын Москва шаарындагы КМШ Аткаруу комитетинин Москва бөлүмүндө өткөн биринчи отурумуна катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти. Жыйынга чогулгандар тарабынан Россия президентинин алдындагы балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мария Львова-Белова комиссиянын …

Кыргызстанда 1,2 миңге жакын мас айдоочу күбөлүгүнөн ажыратылды

Кыргызстанда үч ай ичинде 1,2 миңге жакын мас айдоочу айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 8-мартынан тартып мас абалында унаа башкаргандардын жоопкерчилиги күчөтүлүп, мас айдоочуларга 17 500 сом айып салуунун ордуна, бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратуу беренеси киргизилген. Жаңы эрежелер күчүнө киргенден тартып, 8-марттан …

Бишкек – Ош жолунда эки унаа кагышып, 4 адам каза болду

Бишкек – Ош унаа жолунун 178-чакырымында унаа кырсыгы катталды. Социалдык тармактарда кырсык болгон жердеги видео пайда болду. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, «Тайота-Альфарт» унаасы каршы тилкеге чыгып, «Мерседес» менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 4 адам жеринде каза болгон, жабыркагандардын саны такталууда

Москвада КР жарандарын уурдап, опузалап, акча талап кылган кылмыштуу топ кармалды

Москвада мекендештерин уурдап, опузалап акча  талап кылган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ички ичтер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, КР ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө Москва шаарынын жана Москва облусунун аймагында опузалап талап кылуу жана өз мекендештерин уурдоо менен алектенген кылмыштуу топ боюнча маалымат түшкөн. Ушуга байланыштуу тиешелүү чаралар көрүлүп баштаган. Алсак, 23-майда Москва шаарындагы Новогиреево райондук милициясына …

Бийликти күч менен басып алуу аракети.УКМК массалык башаламандыкты пландаштыргандарды кармады…

 Бийликти күч менен басып алуу максатында массалык башаламандыктарды жана баш ийбөөчүлүк акцияларын уюштурууну пландаган адамдар кармалды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу жана конституциялык түзүлүштү коргоо боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө өлкөдө массалык башаламандык акцияларын жана масштабдуу иш-чараларды өткөрүүгө көмүскө даярдыктарды жүргүзгөн, …