Арча-Бешик конушунун тургундары бакчаларын ичүүчү суу менен сугарууда — мэрия

Арча-Бешик конушуна суу келип, тургундар бакчаларын сугара баштады. Муниципалитеттен билдиришкендей, суу аталган конушка 8-июнга караган түнү келди. Конуштун жашоочулары дароо бакчаларын ичүүчү суу менен сугара баштады. Борбор калаанын мэринин орун басары Жыргылбек Шамыралиев жооптуу шаардык кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте суунун келишин текшерип, сугат иштери менен алектенген тургундарды аныктоодо. Эскерте кетсек, кечээ Арча-Бешик конушунун тургундары таза …

Президент Садыр Жапаров Эл аралык Астана форумуна катышууда

 Президент Садыр Жапаров бүгүн Казакстанга болгон иш сапарынын алкагында Эл аралык Астана форумуна катышуу үчүн “Астана” Конгресс-борборуна келди. Иш-чара саламдашуу аземи жана форумга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен келген өлкө лидерлерин жана делегация башчыларын биргелешип сүрөткө түшүрүү менен башталды. Форум тышкы саясат жана эл аралык коопсуздук, эл аралык өнүгүү жана туруктуулук, энергетика жана климаттын өзгөрүүсү …

Мэрия: Чүйдөгү 32 калктуу конуш таза суу менен камсыз болду

Бишкек шаардык мэриясы шаардагы суу тартыштыгына байланыштуу кырдаалды жана аны чечүү жолдорун айтып берди. Муниципалитеттен билдиришкендей, техникалык кеңештин жыйындары жана борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда бир нече ирет жыйындар өткөрүлүп, анда Арча-Бешик конушуна сууну өткөрүү боюнча тапшырмалар берилген. “Бишкексууканал” башкармалыгы өзүнүн компетенциясынын чегинде кырдаалды турукташтыруу боюнча чараларды көрөт. Ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн өсүшү, ошондой эле …

Кемпир-Абад суу сактагычына 19 жаштагы жигит чөгүп кетти

Өзгөн районунун Айгыржал айылындагы Кемпир-Абад суу сактагычына 19 жаштагы жигит чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, билдирүү түшөр замат жерине 10 куткаруучу тартылган. Алар жигиттин сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Эрдоган Кахов ГЭСиндеги жардырууну иликтөө боюнча комиссия түзүүнү сунуштады

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Орусия менен Украинанын президенттери менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Кахов ГЭСинин дамбасынын жарылышын иликтөө боюнча комиссия түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу Hurriyet басылмасы жазды. Эрдогандын айтымында, иликтөөгө согушуп жаткан тараптардын эксперттери, БУУнун жана эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү да кошулушу керек. Түрк президенти Анкара иликтөө жүргүзүү үчүн колдон келген аракетин кылууга даяр экенин …

Кыргызстанда банкка аманатка акча салгандар үчүн төлөнүүчү кенемтенин көлөмү көбөйтүлдү

Кыргызстанда банкка аманатка акча салгандар үчүн кепилдик учур пайда болгондо төлөнүүчү кенемтенин көлөмү көбөйтүлдү. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Аманаттарды коргоо агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев билдирди. Анын айтымында, тиешелүү мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, ага КР президенти үстүбүздөгү жылы 23-майда кол койгон. «Ага ылайык, 10-июндан тартып аманатчы акча салган банк же …

Мэрия суу тартыштыгын чечүү аракетин көрүп жатабы?

Бишкек шаарынын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев калаадагы суу тартыштыгына байланыштуу кырдаалды жана аны чечүү жолдорун айтып берди. Govori.TVнын «Майдан» дебатында сөз сүйлөгөн вице-мэри Шамыралиев жогорудагы жаралган көйгөйдү чечүү үчүн алдыга коюлган пландар бар экенин, ал эми маселе көп жылдан бери келе жатканын кошумчалады. Вице-мэрдин айтымында шаар кеңейгени менен инфраструктура эскирип жатканы негизги көйгөй болууда.

ИИМ: Ысык-Көл жана Таластын мугалимдери менен экстремизмди алдын алуу маселеси талкууланды

Ысык-Көл жана Талас облустарынын мугалимдерине «Коомчулукта радикалдашууну жана диний экстремизмди алдын алууда мамлекеттик органдар менен иштѳѳнүн теориялык жана практикалык негиздери» аталыштагы семинар ѳткѳрүлдү. Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын демилгеси менен менен өткөн иш-чарага негизинен мектептерде дин таануу боюнча сабак берген мугалимдер, социалдык педагогдор катышкан. Семинарды ИИМдин ЭММКАКтын улук ыйгарым …

Каркыра жайлоосунда милициянын убактылуу посту ачылды

Каркыра жайлоосунда милициянын убактылуу посту ачылды. Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришкендей, жай мезгилинин келиши менен Түп жана Ак-Суу райондорунун көптөгөн малчылары Каркыранын жайлоосуна көчө башташты. Мал уурулук фактыларын болтурбоо, ошондой эле ар кандай укук бузуулардын алдын алуу жана жол бербөө максатында, жыл сайын Түп районунун «Башарын» тилкесинде, милициянын убактылуу постунун иш уюштурулуп келет. Аталган постто бекитилген …

Таш-Көмүрдө агын сууларда, көлмөлөрдө сууга түшүүгө мүмкүн эмес экендиги эскертилди

Таш-Көмүр шаарынын аймагындагы агын сууларда, көлмөлөрдө сууга түшүүгө мүмкүн эмес экендиги эскертилүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жарандар арасында түшүндүрүү иштерин өзгөчө кырдаалдар бөлүмү шаардык милициянын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүүдө. Мындан сырткары, сууга түшүүгө кооптуу болгон аймактарга эскертүү тактайчалары орнотулуп, жеке көлмөлөрдү уюштурган жарандарга эскертүү нускамалары берилди.