Кыргызстан менен Өзбекстан ветеринария тармагында кызматташат

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстандын Ветеринария жана мал чарбасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Бахромжон Наркобилов менен жолугушту. КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар учурдагы күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана ветеринария тармагындагы кыргыз-өзбек кызматташтыгынын келечектүү багыттарын талкуулашты. Эки мамлекеттин айыл чарба продукциясынын жана мал чарба товарларынын экспортун жана импортун биргелешип өнүктүрүү жолу менен соода-экономикалык …

Садыр Жапаров Босния жана Герцеговинанын Президиумунун төрайымы менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн Казакстанга болгон иш сапарынын, Эл аралык Астана форумунун алкагында Босния жана Герцеговинанын Президиумунун төрайымы Желька Цвиянович менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана келечеги, бардык тармактардагы өз ара аракеттенүүнү арттыруу боюнча чаралар жөнүндө баарлашты. Мамлекет башчылары биргелешкен аракеттер менен эки тараптуу …

Бишкектеги Шабдан Баатыр көчөсүндө суу өчтү. Себеби

Бишкектеги Шабдан Баатыр көчөсүнүн Лермонтов көчөсүнөн Валиханов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө ичүүчү суу өчтү. Ага муздак суу түтүгүндөгү авария себеп болгон. «Бишкексууканалдан» билдиришкендей, суу саат 22:00гө чейин жок болот. Жеринде авариянын кесепетин жоюу максатында атайын топ иштеп жатат.

Бишкекте эртең темир жол өтмөгү убактылуу жабылат

Бишкекте эртең темир жол өтмөгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, эртең, 9-июнда саат 08:00дөн 17:00гө чейин оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектин Мурманская көчөсүндө жайгашкан кайтарылган темир жол өтмөгү жабылат. Буга байланыштуу Садыгалиев, Дэн Сяопин жана Алыкулов көчөлөрү менен айланып өтүүгө болот. Иш-чара Милициянын кайгуул кызматы менен макулдашылды.

Депозиттерди коргоо фондунун капиталы 4,9 млрд сомдон ашты

2023-жылдын 1-апрелине карата Депозиттерди коргоо фонду 4 млрд 947,1 млн сом суммасында түзүлдү. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Депозиттерди коргоо агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев билдирди. Ал түшүндүргөндөй, бул каражаттар аманатчылардын депозиттик эсеби болгон финансы-кредит мекемеси банкрот болгон учурда аларга компенсация төлөп берүүгө багытталган. «Депозиттерди коргоо фонду катышуучу банктардын, катышуучу микрофинансылык компаниялардын, депозиттерди …

Президент Жапаров кызыкдар тараптарды энергетика чөйрөсүндө инвестициялык кызматташууга чакырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Казакстанга жасаган иш сапарынын алкагында эл аралык Астана форумунда сүйлөп жатып, кызыкдар тараптарды энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндө, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринде өз ара пайдалуу инвестициялык кызматташууга чакырды. Мамлекет башчысы өз сөзүндө энергетикага байланыштуу маселени көтөрүп, бүгүнкү күндө дүйнө өзүнүн өнүгүүсүндөгү татаал баскычты башынан өткөрүп жатканын белгиледи. Тартыштыкты жана энергиянын …

ОшМУ Кытайдын Сиань Сыюань университети менен байланышын бекемдейт

КР Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырмасынын негизинде ОшМУ менен Кытайдын Сиань Сыюань университети эки тараптууу кызматташуу келишимине кол койду. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, келишимде биргелешкен билим берүү, илим жаатында кызматташуу, студент, магистрант, аспирант, окутуучулар арасында академиялык мобилдүүлүк, илимий сапарларды, стажировкаларды, кесипти жогорулатуу курстарын уюштуруу, конок лекцияларды өткөрүү үчүн белгилүү …

Бишкектин борборунда тышкы жарнамалар эми кандай жайгаштырылат? Эскиздер

Бишкек мэриясы шаардын борборунда жайгашкан имараттардын фасадына жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруунун эскизин иштеп чыкты. Муниципалитеттен билдиришкендей, Манас-Айтматов проспектилеринде жана Абдрахманов-Байтик Баатыр көчөлөрүндө жайгашкан имараттардын фасадына жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруунун эскиздик долбоору иштелип чыкты. Алсак, төмөнкү даректерге эскиздер иштелип чыккан: Токтогул көчөсү, 171/1; Манас проспектиси, 7,9,10,16,22,22а,26,30,34,38,40,41,41а,47,49,57,59,164; Москва көчөсү, 164,165; Токтогул көчөсү, 171/1; Байтик Баатыр көчөсү, 13, 35; Айтматов …

Бишкекте Кыргыз улуттук агрардык университетинин 90 жылдык маарекеси белгиленди

 Бишкекте Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин 90 жылдык маарекесине арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, бүгүн, 8-июнда өткөн майрамдын иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев катышты. Аземде сөз сүйлөгөн төрага аталган университет кылымга тете тарыхында ɵсүп ɵнүгүүнүн татаал, бирок даңктуу, жаратмандык жолун басып ɵткөнүн белгилеп: «Өлкɵбүздɵгү алдыңкы жогорку окуу жайлардын катарында …

Күндүн аптабында балмуздак, желдеткичтин пайдасы – адистер эмне дейт?

Аба ырайы 71 градуска жетсе адам баласы бир сааттан ашык жашай албайт. Жайдын аптабындагы 30-40 градус ысыктыкта бир саатта денеден дээрлик бир литрге жакын тер бөлүнүп чыгат. Мындай аптаптуу ысыкта эмнелерди кылууга болбойт? Күн ысыкта кайнак суу ичиңиздер Канадалык окумуштуулар, күндүн ысыгында муздак суусундук ичүүдөн алыс болууну айтат. Тажрыйбанын негизинде окумуштуулар, мындай учурда ысык сууну ичсе …