Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов Ак-Босого конушунун №27 жана №101 мектептериндеги лагердин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бишкек мэриясынан билдиришкендей, мектеп лагерлеринде балдар үчүн ар кандай ийримдер, дене тарбия, бий, ыр уюштурулууда. Белгилей кетсек, лагерлер 5-июндан 30-июнга чейин саат 8:00дөн 14:00гө чейин иш алып барып, 1000ге жакын окуучуну камтыйт. Ар бир мектеп лагерине медициналык кызматкер, шаардык …
