ЖК сот жана прокурорлордун ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн убактылуу депутаттык комиссия түздү

Бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында мыйзамсыз соттолгондор, жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар боюнча соттордун жана прокурорлордун, ошондой эле, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана башка тиешелүү органдардын ишмердүүлүгүн иликтеп чыгуу боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү. Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, убактылуу депутаттык комиссия түзүүнү “Мекенчил” депутаттык тобу демилгелеген. Комиссиянын курамына депутаттар Фархат Исмаилов, Жусупбек Коргонбай …

Бишкекте түнкү жарышка байланыштуу айрым көчөлөр жабылат

17- июнда саат 20:00 активдүү жашоо образын сүйгөндөр үчүн салттуу KFC Night Run 2023 жарышы өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Малыматтта айтылгандай, марафон «АЮ-Гранд» соода борборунун жанында башталат. Жарыш Чокон Валиханов көчөсү менен Чүй проспектинин бир бөлүгүндө өтөт. Жарым марафондун катышуучулары тандаганына жараша 5, 10 жана 21,1 чакырымга чуркашат. Жарым марафондун …

Путин: Кошумча мобилизация “бүгүнкү күндө кереги жок”

Орусия президенти Владимир Путин шейшембиде блогерлер, орусиялык аскердик кабарчылар менен жолугушууда, акыркы жумадагы украин аскерлеринин чабуулу учурунда Орусиянын жоготуулары Украинаныкынан он эсе аз болгонун жана Киев ийгиликке жетпегенин айтты. Ошол эле маалда ал каза болгондор менен жараат алгандардын санын атаган жок, бирок орус аскерлери 54 танкынан ажыраганын белгиледи. Ал Украинанын жоготууларын 160 танк жана 360тан …

22-июнга чейин өлкө аймагында аба ырайы кандай болот?

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 14-июндан 22-июнга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, 14-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. …

Алматыда ыктыярчылар өрттөн жабыркагандарга жардам чогулта башташты

Алматыда ыктыярчылар тобу Абай аймагындагы өрттөн жабыркагандарга гуманитардык жардам чогулта баштады. Шаар тургундары узак мөөнөткө сакталган жана гигиеналык буюмдарды алып келишүүдө. Жардам чогултууга активдүү катышып жаткан “Камкор” ыктыярдуу тобунун өкүлү Айнур Трайсбаеванын айтымында, кечээ башталган акция тез эле күч алды. Ага Алматыдагы бир нече ыктыярдуу топтор колдоо көрсөтүшүүдө. — Абай облусунда өрттөн жапа чеккендерге көмөк …

Энергетика министри Бишкекте күз-кыш мезгилине даярдык иштери менен таанышты

Кечээ, 13-июнда энергетика министри Таалайбек Ибраев «Бишкек жылуулуктармагы» ишканасынын 2023-2024-жылдагы күз-кыш мезгилине карата даярдыгы, жылуулук тармактарын реконструкциялоо жана жаңы объекттердин курулуш иштери менен таанышты. Ведомстводон билдиришкендей, алгач министр С.Каралаев көчөсүндөгү жылуулук тармактын реконструкциялоо иштерине көз чаптырды. Учурда ал жерде «Бишкек жылуулук тармагы» ишканасы өз каражатынын эсебинен диаметри 400 мм эски түтүктөрдү 500 мм түтүктөргө алмаштырылууда. …

Ала-Бука райондук прокуратурасынын тергөөчүсү пара менен кармалды

Ала-Бука райондук прокуратурасынын тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-июнда саат 09:40 чамасында Башкы прокуратура тарабынан УКМКнын ыкчам коштоосунда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук прокуратурасынын тергөөчүсү А.А. арыз ээсине карата сот өндүрүшүндөгү кылмыш иши боюнча маселелерди оң чечүү үчүн 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. …

Сиздерге элибиз чоң ишеним артат! Президент өлкө куткаруучуларына ыраазычылык билдирди

«Сиздерге ар кандай кырдаалдарда адам өмүрлөрүн сактап калууда, болушу мүмкүн делген табигый кырсыктардын алдын алууда күнү-түнү даяр, деп элибиз чоң ишеним артат!» — деп президент Садыр Жапаров бүгүн өлкөнүн куткаруучуларын сыйлоо салтанаттуу аземинде белгиледи Мамлекет башчысы куттуктоо сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи: “Кадырман калайык калк! Урматтуу бүгүнкү салтанаттын катышуучулары! Кымбаттуу куткаруучулар! Бүгүн биз адамзаттын жашоо-турмушуна айттырбай келген …

Ысык-Көлдө “Глобус”, “Фрунзе” дүкөндөрүндө желим баштыктар кагазга алмаштырылат

Ысык-Көлдө “Глобус” жана “Фрунзе” соода түйүндөрүндө желим баштыктар кагаз баштыктарга алмаштырылат. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришкендей, ведомствонун башчысы Айбек Мамыралиев “Глобус” жана “Фрунзе” соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө 2023-жылдын 21-июнунан баштап күчүнө кирген жарлыктын 1-1-пунктунда белгиленген “Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган баштыктарды колдонууга жана сатууга тыюу салуу” боюнча …

Өзгөндө «Салам-Алик» балдардын эс алуу лагери өз ишин баштады

 Өзгөн районундагы «Салам-Алик» балдардын эс алуу лагеринин 27-сезонунун ачылышы болуп, балдардын эс алуусуна старт берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, ачылышына Жогорку Кеңештин депутаты Элмырза Сатыбалдиев, президенттин өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Өзгөн районунун акиминин орун басары Р.Мирзакулов, тиешелүү райондук жетекчилер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Мырза-Акедеги М.Разаков атындагы жетим жана ата-энесинин камкордугунан …