Бүгүн Кыргызстан – Иран футболдук беттеши өтөт. Эки миңдей милиция кызматкери коопсуздукту камсыздайт

Бүгүн, 16-июнда Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо Борбордук Азия футбол ассоциациясынын (CAFA) турниринин алкагында Кыргызстан менен Ирандын курама командалары беттешет. Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, оюн учурунда Бишкек гарнизонунун 2 миңге жакын кызматкери коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздайт. Бишкек ШИИББ жарандарды коомдук тартипти бузбоого жана стадиондун аймагына тыюу салынган буюмдарды алып …

Алматыда бейтаптарга ВИЧ жуктургандар жазаланат

Казакстандын саламаттык сактоо министри Ажар Гиният Алматынын борбордук шаардык клиникалык ооруканасында үч бейтапка адамдын иммундук жетишсиздик вирусунун (ВИЧ) жугушу боюнча түшүндүрмө берди. Ал жазалоо тууралуу айтуу эрте экенин белгилеп, бирок “күнөөлүүлөрдүн баары жоопко тартылат” деп ишендирди. “Текшерүү жүрсүн. Анын жыйынтыгы менен мыйзам бузуу кайсы баскычта орун алганы, ким күнөөлүү экени белгилүү болот. Күнөөлүүлөрдүн баары жоопко …

Орусияда эже-сиңди көлмөгө чөгүп кетти

Санкт-Петербургда тажикстандык эки кыз Петергоф шаарынын аймагындагы көлмөгө чөгүп кеткен. 12 жана 14 жаштагы кыздар эже-сиңди болгон. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, алардын үй-бүлөсү Тажикстандан Санкт-Петербургдун Петродворец районуна көчүп келген. Маалыматка ылайык, кырсык 14-июнь күнү кечинде болгон. Каза болгон кыздар көлмөгө чоң ата- чоң апасы жана иниси менен барышкан. Эс алуучулар кыздардын кийимчен сууга түшкөнүн көрүшкөн. …

Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Нарындагы «Торугарт» өткөрүү бекетине барды

Кечээ, 15-июнда Нарын жергесине иш сапары менен келген Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь президенттин өкүлү Алтынбек Эргешов менен жолуккандан кийин «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү жайында болду. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, элчи КР президентинин Нарын облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров менен бирге Кыргыз-Кытай чек арасындагы жүк өткөрүү ишинен кабар алды. Иш сапарында Кытай элчиси «Торугарт» көзөмөл өткөрүү жайы …

Финансы министрлиги: Беш айда санариптештирүүгө 146,8 млн сом бөлүндү

2023-жылы Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоонун алкагында санариптик экономикага 500 млн сом каралган. Финансы министрлигинен билдиришкендей, бгүнкү күндө КР министрлер кабинетинин бир катар чечимдерине ылайык 500 млн сомдон 146,8 млн сом өлчөмүндөгү каражаттар бөлүштүрүлдү. Белгилей кетсек, мамлекеттик органдар санариптештирүү үчүн каралган каражаттардын алкагында жалпы суммасы 349,3 млн сомду түзгөн КР министрлер кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгеледи, алар …

ЖК депутаттары «Кытай – Борбордук Азия» саясий партияларынын диалогунун l жыйынына катышты

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева баштаган эл өкүлдөрү Айбек Маткеримов, Улугбек Ормонов, Балбак Түлөбаев, Эмил Токтошев жана Нуржигит Кадырбеков, ошондой эле Борбордук Азиядагы саясий партиялардын өкүлдөрү Пекин шаарында өткөн «Кытай — Борбордук Азия».саясий партиялардын диалогунун l жыйынына катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Иш-чараны ачып жатып, Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин …

Кыргызстанда эми туруктуу негизде жылдын мыкты мугалими жана тарбиячысы конкурсу өтүп турат. Шарттары

Президент Садыр Жапаров “Мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери үчүн ар жылдык республикалык конкурс өткөрүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул туралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Жарлыктын милдеттери педагогикалык кесипти кеңири жайылтуу, мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын мыкты мугалимдеринин жана мыкты тарбиячыларынын алдыңкы инновациялык педагогикалык тажрыйбасын жайылтуу болуп …

Сиздин эркиңизге суктанабыз! Садыр Жапаров Си Цзиньпинди мааракеси менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинди 70 жылдык мааракеси менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. «Туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн жылуу куттуктоолорумду кабыл алыңыз! Сиздин турмуштук тажрыйбаңыз жана талыкпас эмгегиңиздин негизинде Кытай Эл Республикасы гүлдөп-өнүгүү жолуна ишенимдүү багыт алууда. Биз Сиздин эркиңизге жана алдыга койгон максатка жетүүдөгү чечкиндүүлүгүңүзгө …

Араванда сел жүрдү

Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүндө катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, сугат арыктарынан ашкан сел суулары унаа жана ички чарбалык жолдорду зыянга учураткан. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Кырдаалга байланыштуу жеринде Жарандык коргонуу комиссиясы жумуш алып барууда. Учурда сел сууларынан келтирилген зыяндын көлөмү такталууда. Кошумча маалымат берилет.

Төө-Ашуудагы туннелдин ичин каптаган суу токтоду

Бишкек–Ош автожолундагы Төө-Ашуудагы Кусейин Көлбаев атындагы туннелдин канализациясы оңдолуп, суунун сыртка агышы токтоду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 12-13-июнь күндөрү туннелдин ичин суу каптап, айдоочуларга тоскоолдук жаралган. Оңдоо иштерине байланыштуу суу өткөрүүчү түтүктөр кумга толуп, суу жолго жайылган. Жолчулар түтүктөрдү тазалап, суу кеткен, бирок абал кайра кайталанган.