Таш-Көмүр шаарында 7 жаштагы бала дайынсыз болууда

Таш-Көмүр шаарында 7 жаштагы бала дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 15-июнда саат 10:30 чамасында «112» кызматына Новостройка айылынын 2016-жылы туулган Н.Т. аттуу бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы жана ал Нарын дарыясына түшүп кетиши мүмкүн экендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине ӨКМдин Таш-Көмүр шаардык бөлүмунөн 3 куткаруучу, Ички иштер …

Курман айтты белгилөөнүн так күнү айтылды

 Кыргызстанда Курман айт майрамы 28-июнда белгиленет. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти. 19-июнь Зул-Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан, 27-июнда арапа күнү болот. Мусулмандардын эң чоң майрамдарынын бири Курман айт Орозо бүткөндөн кийин 70 күндөн кийин болот. Ай календарына ылайык, жыл сайын 10 күн айырма менен белгиленет. Майрамдын аталышы араб тилинен которгондо “курмандык чалуу майрамы” …

Бишкекте Fusion Concept заманбап бий боюнча дүйнөлүк чемпионаттын тандоо туру өттү

Бишкекте Fusion Concept заманбап бий боюнча дүйнөлүк чемпионаттын тандоо туру өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет. Иш-чара «Ала-Тоо» аянтында өтүп, анда Борбор Азиядагы эң чоң бий кечеси болуп эсептелген сынакта катышуучулар хип-хоп, брейк-данс жана заманбап бийдин башка багыттары боюнча күч сынашты. Заманбап бий сынагына кыргыз бийчилеринен тышкары дүйнөлүк белгилүү бийчилер …

Жыл башынан бери Ош облусуна 485,7 млн сом бөлүндү

2023-жылдын 5 айында Ош облусунун жергиликтүү бюджеттерине республикалык бюджеттен 485,7 млн сом которулду. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен: Бюджеттер аралык трансферттер: — теңдөөчү трансферт- 386,7 млн сом; — ыйгарым укуктарды берүүгө — 29,4 млн сом; — электрэнергиясына болгон 50% компенсациясына — 12,3 млн сом; — башкы план -55,3 млн сом (калктуу …

Ошто жер көчкү кооптуулугу бар аймактан көчүрүлгөндөр чатыр менен камсыз болду

 Кара-Суу районунун Кожо-Келең айылында жер көчкү кооптуулугу бар аймактан көчүрүлгөндөр чатыр менен камсыз болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Папан айыл өкмөтүнүн кайрылуусунун негизинде 16-июнда ӨКМ тарабынан 10 орундуу 6 даана чатыр бөлүнүп берилип, коопсуз жерге орнотутуп берилди. Мындан тышкары, Улуттук Кызыл Ай коому тарабынан ар бир үй-бүлөгө күнүмдүк керектелүүчү эмеректер (идиш, …

CAFA Nations Cup. Кыргызстандын футболчулары Оман менен 3-орун үчүн ойнойт

 Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы борбор азиялык CAFA Nations Cup-2023 турниринин алкагында 3-орун үчүн Оманга каршы ойной турган болду. Бул тууралуу эл аралык мелдештин «A» тайпасынын жыйынтыктоочу оюнунда белгилүү болгондугун Кыргыз футбол союзунан кабарлашты. Маалым болгондой, CAFA Cup алкагында 17-июнда Ташкентте «A» тайпасында жыйынтыктоочу оюн күнүнүн алкагында Түркмөнстан-Оман жана Өзбекстан-Тажикстан беттештери орун алды. Бул …

ЖКККББ: Туристтер үчүн 20 миң даана эскертме буклеттери даярдалды

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан туристтер үчүн 20 миң даана эскертме буклеттери даярдалды. Ведомстводон билдиришкендей, буклеттер туристтик мезгил учурунда чет өлкөдөн келген коноктордун коопсуздугун толук кандуу камсыздоо максатында даярдалды. Буклеттер Манас эл аралык аэропорту аркылуу , аймактардагы авто бекетер аркылуу жана чек аралар чектешкен көзөмөл посттору аркылуу Кыргызстандын аймагына келген …

Тогуз-Торого жаңы аким дайындалды

Манас Мураталиев Тогуз-Торо районуна аким болду. Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык Мураталиев Манас Манапбекович Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп дайындалды. Мураталиев 1983-жылдын 25-январында Нарын шаарында туулган. Бул кызматка келгенге чейин «Бишкек» эркин экономикалык аймагында директордун орун басары кызматын аркалаган.

КР жана РФ жарандарынын укуктарын коргоо жаатындагы кызматташтыкты күчөтүү талкууланды

Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева жана Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова видео байланыш аркылуу сүйлөштү. Акыйкатчы аппаратынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптар Кыргызстан менен Россиянын жарандарынын укуктарын жалпы таанылган принциптер жана эл аралык укуктардын нормаларына ылайык коргоо жаатындагы кызматташтыкты күчтөндүрүү тууралуу талкуулашты. Кыргызстандын акыйкатчысы жана Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү …

Президент УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгынын жаңы имаратын ачты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда, Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) бул облус боюнча башкармалыгынын жаңы имаратын ачты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Чогулгандардын алдында сөз сүйлөп, жаңы имарат, жаңы шарттар коопсуздук органдарынын кызматкерлерине элдин жыргалчылыгы үчүн иштөөдө жаңы дем, жаңы күч берерин айтты. Президент кечээги өткөн тарыхыбызды билбей, …