Бишкектин Манас проспектисинде көрктөндүрүү иштери жүрүүдө

Бишкек шаарынын Манас проспектисинде көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат. Муниципалитеттен билдиришкендей, борбор калаанын вице-мэри Нурдан Орунтаев мэриянын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Уран Мусаев менен биргеликте иштин жүрүшү менен таанышты. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында муниципалдык аймакка чыгып кеткен объектилер алынууда. Мындан сырткары, бузулган объектилердин ордунда көрктөндүрүү иштери жүрүп, демөөрчүлөрдүн эсебинен №49 …

Азия чемпионаты (U23): Эркин күрөш боюнча улуттук курама 2-орунду ээледи

Бишкек шаарында күрөш боюнча Азия чемпионаты (U23) жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, турнирде Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы 2 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медалга ээ болуп, жалпы эсепте 168 упай менен 2-орунду ээледи. 175 упай менен Казакстан 1-орунду, 145 упай менен Индия 3-орунду ээледи. Белгиленгендей, 23 …

Ысык-Көлдө пляждардагы тосмолор алына баштады

Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө жарлыктын негизинде пляждагы тосмолор алынууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Белгилей кетсек, президент “КР Президентинин 2022-жылдын 13-майындагы № 150 “Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө”  ага өзгөртүү киргизүү тууралуу” Жарлыкка кол койгон. Киргизилген өзгөртүүлөрдө Ысык-Көлдүн пляж …

Бишкекте турак үй өрттөндү

Бишкекте турак үй өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады. Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда алдын ала маалымат боюнча, Панфилов көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Тилсиз жоо саат 23:23тө чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иши жүрүүдө. Алдын ала маалыматка ылайык өрттүн болжолдуу аянты 300 метр2 түзөт. Кошумча маалымат берилет.

АКШда жүк унаасын айдап бараткан тажик жаранына ок атылып, ал каза болду

АКШда жүк унаасын айдап иштеген 37 жаштагы тажикстандык Ильхом Шодиевге ок атылып, ал 16-июнда ооруканада каза болду. Полициянын маалыматына караганда, Шодиев 15-июнда Amazon компаниясынын товарларын ташып баратканда ага жеңил автоунаанын айдоочусу ок аткан. Жыйынтыгында ал рулду башкара албай, жол жээгинде токтоп турган эки унаага, андан соң имаратка барып сүзүлгөн. Шодиев оор абалда ооруканага жеткирилген. Маркумдун …

«21 күн болду суу жок!». Мурдагы депутат Жолдошева Жапаров менен мэрди үйүнө конокко чакырды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровго кайрылуу жасап, аларды үйүнө конокко чакырды. Жолдошева 21 күндөн бери суу жок экенин айтып, төмөндөгүлөрдү жазды. «Урматтуу Акылбек Үсөнбекович, Эмилбек Мырзакулович! Сиздерди үйүбүзгө жок дегенде 3 күнгө жатаар конок катары чакырууну туура көрдүм. Бирок, айрым шарттар менен… Жата …

Аялы менен урушуп кеткен жаран 3 баласын өлтүрүп, өзүнө бычак сайды

Өзбекстандын Самарканд шаарынын 36 жаштагы тургуну Израилде иштеп жүргөн аялы менен телефондо урушуп кетип, эки кызын жана уулун бычактап өлтүрдү. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, тургун 10, 12 жана 13 жаштагы балдарын өлтүргөндөн кийин бычак менен өзүн жүрөк тушка сайган. Ал ооруканага жеткирилип, учурда реанимация бөлүмүндө жатат. Бул факты …

Ниязбеков: Ротациянын негизги милдеттерин аткарбаган жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулат

Ички иштер министри Улан Ниязбеков бүгүн коомдук тартипти сактоо багытында көрүлүп жаткан ыкчам чаралар туурасында онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу веомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. Кеңешмеде министр элдин коопсуздугун жакшыртуу боюнча бир катар алгылыктуу иш-чараларды, тактап айтканда, жаңы функциялар менен элди тейлеп, сапаттуу иш алып баруу тартибин түзүп, анын алкагында ишмердикти улантып, заманбап санарип тутуму …

Баткенде облус башчысынын кубогу үчүн спорттук мелдеш өттү

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кубогу үчүн спорттук мелдеш өттү. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, мелдеш күн мурун, 17-июнда мамлекеттик, жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамына карата өткөрүлдү. Мелдештин волейбол түрү боюнча эркектер арасында: — 1-орунду өкүлчүлүктүн аппараты; — 2-орунду Лейлек райондук мамлекеттик администрациясы, — 3-орунду Баткен райондук мамлекеттик администрациясы ээледи. Аялдар арасында: -1-орунду Сүлүктү шаардык мэриясы; …

Кулубаев Минскте ЖККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышат

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Кеңеш 20-июнда Минск шаарында өтөт. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти. Отурумдун жүрүшүндө министрлер эл аралык жана аймактык кырдаалдын абалы жана анын ЖККУга мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна тийгизген таасири, ошондой эле ЖККУ менен эл аралык уюмдардын жана …