Нарын шаарында «Кыргыз шырдагы» эл аралык XIII фестивалы өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 28-29-июнь күндөрү Нарында «Кыргыз шырдагы» эл аралык XIII фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, маданий иш-чаранын негизги бөлүгү 28-июнь күнү Нарын шаарынын кире беришиндеги «As A Nomad» этнокомплексинде болот. Ушул эле күнү түштөн кийин фестивалдын алкагында каалоочулар үчүн «Салкын-Төр» эс алуу аймагына туристтик турлар уюштурулат. Ал эми 29-июнь күнү …

Милиция мунай базасындагы өрттүн чоо-жайын иликтейт

Милиция Сокулуктагы мунай базасындагы өрттүн чоо-жайын иликтей баштады. Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган факт Сокулук райондук милициясынын маалыматтардын бирдиктүү журналына катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, кырсыктын чоо-жайы такталууда.

Бишкекте Айтматов менен Бейшеналиеванын сүйүү баянын чагылдырган спектакль көрсөтүлөт

21-22-июнь күндөрү Б.Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында Чыңгыз Айтматов менен Бүбүсара Бейшеналиеванын сүйүү баянын чагылдырган «Чыңгыз менен Бүбүсара» спектакли көрсөтүлөт. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, чыгарманын автору КР эл жазуучусу жана драматургу Жаныш Кулмамбетов. Белгиленгендей, спектакль эң алгачкы жолу 2005-жылы Ч.Айтматовдун тирүү кезинде коюлган. 18 жылдан кийин спектакль кайрадан толукталып, …

Кыргыз драма театры «Төлгө» спектакли менен 96-сезонун расмий жапты

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры 96-сезонун расмий жапты. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, бул күнү театр сүйүүчүлөрүнө Жалил Садыковдун «Төлгө» спектакли тартууланды. Театрдын сезондук жабылуу аземине Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жаштар саясаты башкармалыгынын башчысы Аскар Шайкидинов катышып, министр Алтынбек Максутовдун куттуктоо сөзүн окуду. Театрдын директору Асылбек …

Тогуз-Торо районуна III даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Тогуз-Торо районуна III даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Нарын дарыясында суунун көлөмү көтөрүлүп Тогуз-Торо районуна караштуу АБЗ тилкесин суу жеп, Ынтымак конушунда жайгашкан 200 кожолукка жана 16 гектар айдоо жерине, Аэропорттун учуу конуу тилкесин суу жеп кетүү коркунучу пайда болгон. Мындан улам Тогуз-Торо райондук жарандык коргонуу комиссиясына …

Бишкекте Чыгыш автобекетинин жанындагы өтмөктүн чырактарын сындырып кетишти

 Бишкекте Чыгыш автобекетинин жанындагы жер астындагы өтмөктөгү жаңы жарыктарды талкалап кетишти. Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай көрүнүш мурда дагы болуп келген. Белгилей кетсек, «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын бригадасы аталган өтмөктө 5 жаңы прожектор орнотуп, 70 метр кабель тартышкан. Бишкек мэриясы жарандардан муниципалдык менчикти сындырбоого жана зыян келтирбөөгө чакырат.

Мыйзамсыз иштерге жол бербөө. Бишкектеги мектептерде атайын кайгуулдар уюштурулууда

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери Бишкектеги орто билим берүү мектептерде кайгуулдарды уюштуруп жатышат. Башкармалыктын кызматкерлери бүгүн Бишкек шаарындагы мектептерге бөлүнүп, жол коопсуздугун камсыз кылууда. Ошондой эле кызматкерлер мектептеги иш-чарага катышып, окуучулар жана ата-энелер менен жолугушууларды өткөрүшүүдө. «Бүтүрүүчүлөр майрамдык маанай менен атайын унааларды жалдап, эс алуучу жаратылыш жайларына, түнкүсүн кафе, клуб, ресторандарга чогулуп, ичимдик ичип, унаа …

ЖКККББ: Кечкисин өспүрүмдөр жүргөн унаалар текшерилип, көзөмөл күчөтүлөт

 Кыргызстанда кечкисин өспүрүмдөргө көзөмөл күчөтүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай чара 21-23-июнь аралыгында өлкө аймагында мектеп бүтүрүүчүлөрүнө мектепти аяктагандыгы тууралуу күбөлүктөрдү жана аттестаттарды тапшыруу аземине байланыштуу көрүлүүдө. Муну менен катар бүтүрүүчүлөр окууну бүткөндүктөрүн майрамдашып, жаратылыш эс алуучу жайларга, кечкисин кафе-ресторандарга жана түнкү клубдарга баруусу менен коомдук коопсуздукка каршы …

Жеке маалыматтарды алмашуу чөйрөсүндөгү административдик маселелер боюнча өз ара укуктук жардам жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Президент Садыр Жапаров “2020-жылдын 18-декабрында кол коюлган Жеке маалыматтарды алмашуу чөйрөсүндөгү административдик маселелер боюнча өз ара укуктук жардам жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” КР Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2023-жылдын 25-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты 2020-жылдын 18-декабрында кол коюлган Жеке маалыматтарды алмашуу чөйрөсүндөгү административдик маселелер боюнча өз ара укуктук жардам жөнүндө макулдашууну …

Кыргызстанда соттолгондорго мунапыс жарыялоо сунушталууда

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу “КР Конституциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана адам укуктарынын Жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө”  мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Маалымкат-негиздемеде айтылгандай, өзүнүн саясий-укуктук мааниси боюнча мунапыс ырайымдуулук актысы, гуманизмди көрсөтүү — мыйзамдын чегинен чыккан жарандарына карата мамлекеттин айкѳлдүгүнүн кѳрүнүшү болуп саналат. Мыйзам долбоору эркиндигинен ажыратуу түрүндѳгү …