Алай районунун аймагында сел жүрүп, үйлөрдүн короолорун каптаган

Алай районунун Терек жана Кара-Талаа айылдарында нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен сел жүргөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Терек айылында 1 үйдүн ичине, 4 үйдүн короо-жайларына сел суулары кирип, кум-шагылга толгон. Ошондой эле Сопу-Коргон айылы менен Терек айылдарын байланыштырган ички чарбалык жолдун 7 чакырым аралыгында сел калдыктары жолду жаап, каттам үзүлгөн. Кырдаалды көзөмөлдөө, маалыматты …

Бишкекте Кыргызстан жана Германия президенттеринин расмий жолугушуу аземи өттү

Бишкекте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана өлкөгө расмий сапар менен келген Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында мрамор чатырдын алдында Кыргызстандын жана Германия мамлекетинин мамлекеттик желектери желбиреп турду, Ардак кароол тизилип, килемчелер төшөлдү. Өлкө лидерлери бири-бири менен учурашкан соң, Кыргызстандын жана Германиянын мамлекеттик гимндери жаңырды. Ардак …

Ыш көйгөйү: Бишкекте экополиция түзүлүшү мүмкүн

Ыш менен күрөшүү боюнча жыйынтыкка жетишүү максатында Бишкек шаарында экополиция түзүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Бишкектеги жана Чүй облусундагы абанын булгануу көйгөйлөрү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын экинчи жыйынында айтылды. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, жыйын министр Мелис Тургунбаевдин жетекчилиги астында күн мурун өткөн. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев ыш …

Ата мекендик ишкерлерге инвесторлорду табууга жардам берчү платформа түзүлөт

Ата мекендик ишкерлерге инвесторлорду, кардарларды жана өнөктөштөрдү табууга жардам бере турган платформа түзүү пландаштырылууда. Мындай мүмкүнчүлүктү Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев менен Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондунун жетекчиси Уран Темирбеков талкуулашкан. Соода-өнөр жай палатасынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу күн мурун өтүп, анда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул өз кезегинде Кыргызстандагы бизнес-чөйрөнүн ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө …

Соцфондго беш айда 4 миңден ашуун кайрылуу түшкөн

Социалдык фонддун коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына 2023-жылдын январь-май айларында 4 миң 315 кайрылуу келип түшкөн. Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, анын ичинде: жазуу түрүндө кайрылуулар – 155; ооз эки кайрылуулар – 479; электрондук кайрылуулар – 89; Соцфонддун жетекчилиги тарабынын кабыл алынды – 54 жаран; ишеним телефондор аркылуу – 2376; уюлдук ишеним телефону аркылуу …

Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт

Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-июнда саат 09:00дөн 24:00гө чейин «Кыргызстан-1» конушу, Кырман көчөсү, Кожомкул көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин, Ч.Айтматов проспектисинин батыш тарабынан Кожомкул көчөсүнө чейин, ошондой эле Манас айылы менен чектешкен аймакта суу берүү токтотулат. Суу ВДНХдагы диаметри 300 мм жана 200 мм суу түтүктөрүн …

Быйыл Талас облусу боюнча 37,5 чакырым жолду асфальттоого 348 млн сом каралган

Президенттин өкүлү Нурлан Дарданов Талас облусунун аймагындагы асфальт төшөө жумуштарынан жеринде кабар алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, облус башчысы Манас районунун Манас айылындагы жаңыдан салынган 3 чакырым жана Талас районундагы Жергетал-Калба автожолундагы 1 чакырым жолдун сапатын текшерди. Мындан тышкары, Талас районунун Үч-Эмчек айылына кире бериштеги буга чейин авариялык абалда болгон көпүрөнүн курулуш иштеринин …

Эртең Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт

Эртең Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, эртең, 22-июнда саат 09:00дөн 24:00гө чейин «Кыргызстан-1» конушу, Кырман көчөсү, Кожомкул көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин, Ч.Айтматов проспектисинин батыш тарабынан Кожомкул көчөсүнө чейин, ошондой эле Манас айылы менен чектешкен аймакта суу берүү токтотулат. Суу ВДНХдагы диаметри 300 мм жана 200 мм суу түтүктөрүн …

Сокулукта милиция камактагы аялды күйөөсү менен мейманканада жолуктуруу үчүн пара алган

Сокулук районунун ички иштер бөлүмунүн Убактылуу кармоочу жайынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Сокулук РИИБнин кызматкерлеринин арасында коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси («Пара алуу») боюнча Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн коштоо тобунун кызматкери С.А., ошондой эле КР жарандары Э.А. …