Элчилик Москванын абактарындагы аялдардан кабар алды

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Орусиянын Ички иштер министрлигинин Москвадагы башкы башкармалыгынын Чет элдик жарандарды убактылуу кармоо боюнча борборунун жетекчиси Лагода А.В. менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Убактылуу кармоочу жайда кармалып турган 25 кыргызстандык аял менен жолугушуу өткөрүлдү, алар абактагы шарттары боюнча даттануулары жок экенин айтышкан. Аларга тийиштүү юридикалык кеңештер берилди. 27-июнда …

Акын жана журналист Гүлжамила Шакирова көз жумду

Акын жана журналист Гүлжамила Шакирова 68 жаш курагында дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. Маркумдун кесиптештери акындын каза болгону тууралуу суук кабарды 25-июнь күнү эртең менен угушканын «Азаттыкка» билдиришти. Гүлжамила Шакирова 1955-жылы 28-декабрда Нарындын Ак-Талаа районундагы Жаңы-Тилек айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. Токтогул атындагы адабият музейинде улук илимий кызматкер, республикалык Кыргыз тили коомунун «Эне тил» …

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды

 Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн саат 09:08де катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен. Жер титирөө Сузак районунун Таралча, Канжыга айылдарында — 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Биринчи класска электрондук каттоонун экинчи этабы башталды

Бүгүн, 26-июнда мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына электрондук каттоонун экинчи этабы башталды. Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, II этапта жашаган дарегине карабай 26-июндан 31-августка чейин каттоого турууга болот. Биринчи этап – юридикалык жашаган жери боюнча 10-апрелден 25-июнга чейин жүргүзүлдү. Мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 81 миң 396 бала кабыл алынса, анын ичинен 1 миң …

Кыргызстанда “бийик тоолуктарга көмөк” жөлөкпулун киргизүү сунушталууда

Жогорку Кеңештин депутаттары Камила Талиева, Марлен Маматалиев бийик тоолуу аймактарда жашаган жарандарга жөлөкпулдун жаңы түрүн киргизүүнү сунуштады. Мыйзам долбооруна ылайык, «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» КР мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда: 1) 5-берененин 1-бѳлүгү төмөнкүдөй редакциядагы жаӊы пункт менен толукталсын: “5) “бийик тоолуктарга көмөк” — 3 жашка чейинки балдары бар бийик тоолуу жана алыскы барууга …

Таш-Көмүрдө дайынсыз жоголгон 7 жаштагы бала табыла элек

Таш-Көмүрдө дайынсыз жоголгон 7 жаштагы бала табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 15-июнда саат 10:30 чамасында Таш-Көмүр шаарынын Новостройка айылында 7 жаштагы Н.Т. аттуу бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бала Нарын дарыясына түшүп кетиши мүмкүн экендиги болжолдонууда. 25-июнда издөө иштерин жүргүзүү максатында 7 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 4 адам тартылган. …

Кыргызстандын делегациясы Кашкар шаарында форумга катышты

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу 21-25-июнь күндөрү кыргыз делегациясынын курамы менен Кытайдын Кашкар шаарында өткөн Борбордук Түштүк Азия өлкөлөрүнүн катышуусундагы 13-Кашкар көргөзмө-жарманкесине катышты. Министрликтен билдиришкендей, көргөзмөнүн биринчи күнүндө Шинжаңдын белгилүү чыгармачыл топторунун катышуусунда «Кашкар жарманкеси» гала-концерти өттү. Көргөзмөнүн экинчи күнү Кашкар эл аралык көргөзмө борборунда «Шинжаң-Кашкар Орто Азия …

Ибраев Ысык-Көлдө энергетиктер эс ала турган пансионаттын шарты менен таанышты

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Ысык-Көл облусуна иш сапар менен барып, энергетиктер жана алардын бардары эс ала турган пансионаттын жана лагердин шарты менен таанышты. Ведомствонун маалыматына ылайык, «Кыргыз улуттук электр тармактары» ААКка караштуу «Эл Нуру» пансионатына жыл сайын жети облустагы энергетиктер барып, алты күндөн эс алышат. Аталган пансионат 137 орундуу. Быйылкы жылдын эсебинен оңдоп-түзөө иштер аяктап, …

Курман айт намазы эски аянтта окулат. Программа

Кыргызстанда Курман айт намазы 28-июнда  эски аянтта окулат. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти. Иш-чара таңкы саат 06:00дө башталып, дин аалымдарынын баяндамалары жана куттуктоолору айтылат. Программа: 06:00-07:00 – дин аалымдарынын баяндамасы; 07:00-07:30 – Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин куттуктоосу жана баяндамасы; 07:30 – Айт намаз. Мусулмандардын эң чоң майрамдарынын бири Курман айт Орозо бүткөндөн кийин 70 күндөн кийин …

ӨКМ: Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу жогору бойдон калууда

Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу жогору бойдон калууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-июнда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээлинин көтөрүлүшү күтүлүүдө. Министрликтен белгилешкендей, буга байланыштуу коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын …