Жалал-Абад шаарынын Токтогул көчөсүнө тротуар курулууда

Жалал-Абад шаарынын Токтогул көчөсүнө тротуар жана темир-бетон арык курулуп, аллеяга брусчатка төшөлүүдө. Муниципалитеттен билдиришкендей, Токтогул көчөсүндөгү аллеяга 3 миң чарчы метр брусчатка төшөлсө, жалпы узундугу 1,5 чакырым, кеңдиги 2-3,5 метрди түзгөн тротуар курулуп жатат. Мындан сырткары, темир-бетон арык куурларын жаткыруу иши да колго алынган. Иштер мэриянын Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти тарабынан аткарылууда. Белгилей кетсек, …

91-күн. Суучулдар Ысык-Көлдүн түбүнөн 7 тоннадан ашуун таштанды чыгарды

Суучулдар 91 күндөн бери Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык уулаган торлордон тазалоо иштерин улантууда. ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, соңку бир апта ичинде Бостери айылындагы “Золотые пески”, Чолпон-Ата шаарындагы “Лагуна” “Голубой Иссык-Куль”, Ч.Айтматов атындагы “Рух-Ордо” маданий комплекси , Бактуу-Долоноту айылындагы “Ден-соолук, “Каприз” пансионаттарынын аймагындагы көлдүн түбү тазаланды. Ушул жылдын 12-мартынан бери жалпы суу астынан 7 миң …

Энергетика министрлигинин өкүлдөрү менен депутаттар Ысык-Көлдө көчмө жыйын өткөрдү

Жогорку Кеңештин Отун энергетиалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин мүчөлөрү жана энергетика министри Таалайбек Ибраев баштаган министрликтин өкүлдөрү Ысык-Көл облусунда көчмө жыйын өткөрүштү. Ведомстводон билдиришкендей, алгач көчмө жыйын Чолпон-Ата шаардык электр тармактарында өтүп, ага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү дагы катышты. Жыйындын жүрүшүндө энергетика тармагындагы бир катар маселелер каралды. Алардын катарында Бишкек …

Бакыт Төрөбаев Казакстан президентинин жардамчысы Асет Исекешев менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Казакстандвн президентинин жардамчысы Асет Исекешев менен жолукту. Жолугушууда тараптар соода жүгүртүү, транзиттик жүк ташуу, логистика, күйүүчү май жана суу-энергетика тармактарындагы маселелер тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Өз сөзүндө Бакыт Төрөбаев биргелешкен аракеттердин аркасында кыргыз-казак кызматташтыгынын эки тараптуу актуалдуу маселелери деталдуу талкууланып, өз ара түшүнүшүү, ишеним жана колдоо деминде чечилип жатканын …

УКМК бажы кызматкерин кармады

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери опузалап акча алууга шектелип кармалды. Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы “Автомобильный” Түндүк-Чыгыш бажысынын бажылык тариздөө жери боюнча улук инспектору, майор Ж.у.М. кармалган. «Жогорудагы кызматкер “Автомобильный” бажылык тариздөө жеринде мыйзамсыз баюу максатында, аталган бажылык тариздөө жери аркылуу өткөн жеке ишкерлерден акча каражаттарын өндүрүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы …

Иркутсктагы кыргыз жана тажик мигранттарынын мушташы. Милиция окуяны иликтөөдө

Россиянын укук коргоо органдары Иркутск облусундагы Кыргызстан менен Тажикстандын 500гө жакын жаранынын ортосундагы массалык мушташты иликтеп жатат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Белгилей кетсек, жаңжал 2023-жылы 23-июнда Жигаловск районундагы газ кенинде чыккан. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Иркутсктагы өкүлчулүү жабыркагандар менен ыкчам байланышканда Кыргызстандын 5 жараны ар кандай оордуктагы жаракат алышканы, алардын бири ооруканага жаткырылганы …

500 iPhone 14, 150 ноутбук. «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын байгелерин ойнотуу башталды

Бүгүн «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясынын байгелерин ойнотуу баштады. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, утуш 1-июлга чейин улантылат. 26-июндан 30-июнга чейин 500 iPhone14, 500 смартфон, 150 ноутбук жана Дайсон маркасындагы 20 фен ойнотулат. Тактап айтканда, күн сайын 234 адам баалуу байгелердин ээси болушат. Утуштар Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларынан түз эфирде көрсөтүлөт. …

Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планын иштеп чыгуу талкууланды

Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров борбор калаанын 2050-жылга чейинки Башкы планын иштеп чыгуу жана Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын жээктерин жакшыртуу боюнча жыйын өткөрдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, мэр стратегиялык документти иштеп чыгууда инженердик коммуникацияларды жайгаштыруу, экологиялык аспектилерди эске алуу, өндүрүштүк жана коомдук аймактардын жайгашуусун кайра карап чыгуу, жашылдандыруунун балансын сактоо менен системалуу мамиле жасоо керектигин белгиледи. Жыйындын жыйынтыгында …

Элдана Сатарова Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды

 Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болуп Элдана Сатарова дайындалды. Аталган агенттиктен билдиришкендей, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Элдана Сатарова жогорку билимдүү.

“Коммерциялык эмес уюмдар” тууралуу мыйзам долбоору ЖК комитетинин күн тартибинен алынды

Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин күн тартибинен бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоору алынды. Бул тууралуу ЖКнын расмий сайтында маалымдалат. Белгилей кетсек, буга чейин ”Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” мыйзам долбоору аталган комитеттин 27-июндагы жыйынында биринчи окууда карала турганы кабарланган. Эске салсак, Надира Нарматова баштаган депутаттар тобу бейөкмөт …