Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд куб метрге жетти

Бүгүн, 27-июнга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 млрд 79 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 991 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 383 куб метрди түзүүдө. Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Пара менен кармалган Чүй облусунун прокуратурасынын башкы адиси УКМКнын тергөө абагына камалды

20 миң АКШ долларын алып жаткан жеринен кармалган Чүй облусунун прокуратурасынын бөлүмүнүн башкы адиси А.У.А. УКМКнын тергөө абагына камалды. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты. Эске салсак, УКМК Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы менен биргеликте үстүбүздөгү жылдын 23-июнунда 20 миң АКШ долларын алып жаткан жеринен Чүй облусунун прокуратурасынын бөлүмүнүн башкы адиси А.У.А. кармалган. Ал арыз ээсине карата …

Бишкек мэриясы: 1-июлда Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат

1-июлда «Ала-Тоо» аянтында Салык кызматынын «Чек талап кылып – байге утуп ал!» лотереясы өтөт. Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага байланыштуу саат 18.00дөн 00.00гө чейин Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат. Шаардык мэрия жарандардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана маршрутту алдын ала пландаштырып алууну суранат.

Ысык-Көл милициясы мас-рестлинг боюнча Азия чемпиону наамын жеңген кесиптешин куттуктады

 Ысык-Көл милициясы мас-рестлинг боюнча Азия чемпиону наамын жеңип алган кесиптеши Кымбат Нуржанованы куттукташты. Облустук милициядан билдиришкендей, иш-чарада ошондой эле Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы Жеңиш Келдибаевди туулган күнү менен куттукташты. Буга байланыштуу облустук милициянын аянтында100гө жакын милиция кызматкери тизилди. Мамлекеттик гимн аткарылгандан кийин, облустук милициянын башчысы Орунбай Кочкоров куттуктоо сөзүн айтты. «Эгерде …

Тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты чыңдоо. КР ИИМдин делегациясы иш сапары менен Кытайда болду

 Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов башында турган делегация 19-23-июнь аралыгында Кытайда иш сапары менен болду. КР ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кыргыз делегациясы Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур Автономиялык районунун Коомдук коопсуздук департаментинин чакыруусу менен барган. Иш сапардын негизги максаты — КР ИИМдин чек арага чектеш бөлүктөрү менен КЭР СУАРдын ортосундагы тажрыйба алмашуу …

Эксперт Бекешовдун айткандары жөнүндө: Эгер мамлекеттик ЖМКлар жоюлса, анда биздин коом кимдин күн тартибинде жашайт?

эксперт Бактыбек Саипбаев Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешовдун Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин ишмердүүлүгү боюнча парламентте агенттиктин техникалык базасын чыңдоо маселесин кароодо айткан пикири менен макул эмес. Анын айтымында, ар бир адам мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары менен көз карандысыз деп аталган маалымат каражаттарынын ортосундагы айырмачылыкты билет. «Албетте, муну депутат дагы билиши керек. Бийликтин расмий органы …

Дүйнөлүк чыгармалар аткарылат. Опера жана балет театрынын артисттери ачык асман алдында концерт коет

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын 80 жылдык юбилейлик театралдык сезонунун жыйынтыктоочу гала-концерти болот. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, гала-концерт 30-июнда театрдын түштүк тарабында ачык асман алдында өтөт. Башталышы 19:00. Ага опера жана балет сахнасынын чеберлери, академиялык хор жана театрдын симфониялык оркестри катышып, дүйнөлүк жана улуттук опера жана …

Россияда жол кырсыгынан эки кыргызстандык каза болду

Россиянын Самара облусунда жол кырсыгынан алты адам, анын ичинде кыргызстандыктар каза болду. Бул тууралуу россиялык ЖМКлар жазып чыкты. Самара облусунун ИИМнин маалыматына ылайык, кырсык 2023-жылдын 27-июнунда болжол менен саат 01:30дар чамасында болгон. Анда Honda Stepwgn жана Hyundai Elantra үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан. ЖМКлар белгилегендей, кырсыктын кесепетинен көз жумгандар болжол менен Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары болгон. “Алдын …

Билим берүү министри Улуттук аккредитациялык кеңештин отурумун өткөрдү

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Улуттук аккредитациялык кеңештин отурумун өткөрдү, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, отурумда аккредитациялык агенттиктердин 2022-жылдагы ишинин отчеттору угулуп, алардын ишине жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы каралды. Отурумдун катышуучулары мониторингдин жыйынтыгын талкуулап, аккредитациялык агенттиктерге жана окуу жайларга бир катар сунуштар берилди. Министр Каныбек Иманалиев Аккредитациялоо секторуна аккредитациялоонун укуктук ченемдик …

Нарын шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн фасадын жакшыртуу иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын аймагындагы кабаттуу турак үйлөрдүн фасадын жакшыртуу иштери жүрүп, актап сырдоо уланууда. Шаардык мэриядан билдиришкендей, көп кабаттуу үйлөрдүн сыртын актоо, сырдоо үчүн керектүү материалдар жашоочулардын эсебинен алынса, мэрия тарабынан күйүүчү май жана башка жабдуулар берилүүдө. Ал эми жумуш «Таза Нарын» жана «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери тарабынан аткарылып жатат.