Бишкекте маршрутка менен жол тандабас сүзүштү

“Кабар” агенттигине Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, жол кырсыгы күн мурун Аалы Токомбаев көчөсүндө катталган. Кичи автобус жолдун каршы тилкесине чыгып, Lexus үлгүсүндөгү унаа менен кагылышкан. Жол кырсыгынын кесепетинен маршрутканын эки жүргүнчүсү жабыркаган. Кайгуул кызматынан белгилешкендей, кичи автобус маршруттук такси эмес. Эки унаа тең айып аянтчасына киргизилип, экспертитза дайындалды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Булут электрондук кол тамгасын алуудагы кезек күтмөй. «Инфокомдун» башчысы маселени чечүү планы менен бөлүштү

«Инфоком» мамлекеттик мекемесинин директору Асел Кененбаева «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйында булут электрондук кол тамгасын алуудагы узун кезек күтүү көйгөйүн чечүү планы менен бөлүштү. «Биз ачык ачкыч инфраструктурасынын – электрондук кол коюунун инфраструктурасынын техникалык оператору болуп саналабыз. Учурдагы кырдаалды түшүнүү менен, биз бул функцияны бир гана Калкты тейлөө борборлоруна эмес, КР Борбордук шайлоо комиссиясынын окуу борборлоруна, …

«Түндүк» ведомство аралык электрондук системасы ишке киргенден бери 1 млрд ашык суроо-талап каралды

«Түндүк» ведомство аралык электрондук өз ара аракеттешүү тутуму системасы ишке киргенден бери 1 млрд ашык суроо-талап каралды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйында “Түндүк” мамлекеттик мекемесинин директору Чыңгыз Аманатов билдирди . Анын айтымына караганда, бүгүнкү күндө системада жалпысынан 204 катышуучу катталган, анын ичинен 77си мамлекеттик, 127и коммерциялык. «1 млрд ашык суроо-талап каралды, башкача айтканда, …

Ошто мунай базасында өрт чыкты. Жабыркагандар бар

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айылында жайгашкан жеке менчик “Россия нефть” базасында өрт чыкты. Кырсык тууралуу билдирүү 3-июлда саат 18:20да кабарланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жерине эки күжүрмөн эсеп тартылып, жалын саат 19:01де толугу менен өчүрүлгөн. Өрт кырсыгынын кесепетинен бензин сордуруучу насос, оор жүк ташуучу DAF үлгүсүндөгү автоцистернасы күйгөн. Мындан сырткары, …

Шакиев менен Кытайдын элчиси парламенттер аралык байланышты кеңейтүүнү талкуулашты

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын Коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти. Жолугушууда Кыргызстан менен Кытайдын саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларын арттыруу маселеси талкууланып, парламенттер аралык байланышты кеңейтүү тууралуу сөз болду. Төрага Нурланбек Шакиев өткөн жылы эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 30 жыл толгонун белгилеп: “Бирок …

Нарын дарыясына экскаватору менен түшүп кеткен жарандын сөөгү табылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Нарын дарыясына экскаватору менен түшүп кеткен жарандын сөөгү табылганын 4-июлда билдирди. Мекеменин билдиришинче, издөө иштеринин натыйжасында Нарын шаарынын тургуну, 68 жаштагы Ө.Ү. аттуу экскаваторчунун сөөгүн таап, куткаруучулар суудан чыгарып ИИБ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Белгилей кетсек, Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Куланак айылында суу курулмасына коркунуч жаратып жаткан Нарын дарыясынын жээгин бекемдөө учурунда …

Казакстан Өзбекстан жана Кыргызстан менен суу келишимин кайра карап чыгууну пландоодо

Казакстан 2023-жылдын аягына чейин Өзбекстан жана Кыргызстан менен Сырдарыя бассейниндеги суу-энергетикалык ресурстарды пайдалануу боюнча келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Gazeta.uz басылмасы жазды. Бул Казакстандын 2023-2029-жылдарга суу ресурстарын башкаруу системасын өнүктүрүү концепциясында каралган. 1998-жылы март айында Бишкекте кабыл алынган документке ылайык, Нарын-Сырдарыя дарыясынан өндүрүлгөн электр энергиясынын Кыргызстандын керектөөсүнөн ашкан бөлүгү Өзбекстан менен Казакстанга берилет. Анын …

Зеленский Саакашвилини Украинага дарыланууга жөнөтүүнү талап кылды

Украинанын президенти Владимир Зеленский Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилиге дарылануу үчүн Украинага барууга уруксат берүүнү талап кылды. Ал Саакашвилинин украин жарандыгы бар экенин эске салды. Зеленский Тышкы иштер министрлигине Грузиянын Киевдеги элчисин чакырууну буйруду. Зеленскийдин мындай билдирүүсүнө дүйшөмбүдөгү Саакашвилинин иши боюнча кезектеги отурум себеп болду. Ага Грузиянын мурдагы президенти ооруканадан видеобайланыш аркылуу катышты. Видеодо Саакашвили …

Жапаров ШКУ мамлекет башчыларынын Кеңешинин саммитине онлайн форматта катышат

Прзидент Садыр Жапаров бүгүн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги 23-саммитинин ишине катышат, ал видеоконференц-байланыш форматында өтөт. Индиянын төрагалыгы алдында өтө турган ШКУнун бул саммитинин ишине ШКУга мүчө мамлекеттердин: Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле Иран Ислам Республикасынын, Беларустун, Монголиянын башчылары катышат. Мындан тышкары, иш-чарага алты …

Кыргызстанда 1-класска 97 миңден ашуун бала кабыл алынды. Каттоонун 2-этабы уланууда

2023-жылдын 3-июлуна карата мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 97 миң 486 бала кабыл алынды, бул жалпы квотанын 52,5% түзөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Электрондук каттоодо баланын ата-энеси же мыйзамдуу өкүлдөрү эң көп активдүүлүктү Бишкек шаарынын Октябрь районунда – квотадан 82%, Талас облусунун Кара-Буура районунда – 79%, Нарын облусунун …