Жапаров уран калдыктарын сактоочу жайларга барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун Миң-Куш айыл аймагындагы уран калдыктарын сактоочу жайларга барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Миң-Куш айыл аймагында жалпысынан «Талды-Булак», «Туюк-Суу», «Как» жана «Дальнее» сыяктуу уран калдыктары сакталган төрт жай бар. Учурда «Как» уран калдыктары сакталган жайы рекультивацияланууда, иштер быйыл …

Коррупцияга шектелген Улуттук госпиталдын мурдагы башкы дарыгери ооруканага түштү

Коррупциялык схемаларды түзүүгө шектелген Улуттук госпиталдын мурдагы башкы дарыгери Токтобай Маанаев ооруканага түштү. Бул тууралуу Govori.TVга өздүк булактар кабарлады. Маалыматка караганда, Маанаев 4-июлда инфаркт алып, Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына түшкөн. Эске салсак, Улуттук госпиталдын мурдагы башкы дарыгери үстүбүздөгү жылдын март айында кармалган. Атайын кызмат башкы дарыгердин медицина кызматкерлеринен акча талап кылганына байланыштуу 20дан ашуун факты катталганын …

Чагылган түшсө эмне кылуу керек? ӨКМдин кеңеши

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чагылгандан сактануунун жолдорун эскертти. Мекеменин билдиришинче, чагылган түшкөн учурда тез арада сактык чараларын көрүү керек. Күн күркүрөп, чагылган түшсө: — эгерде сиз айылда болсоңуз: терезелерди, эшиктерди, морлорду жана желдетүү тешиктерин жабыңыз. Мешке от жакпаңыз, анткени меш түтүгүнөн чыккан жогорку температурадагы газ чагылганды өзүнө тартат. Телефон менен сүйлөшпөңүз, электр мамычалардын ортосунда созулган зымдарга …

Өлкө аймактарында туруксуз аба-ырайы күтүлөт

Кыргызгидромет борборунун билдирүүсүнө ылайык, 4-6-июлда туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Өлкө аймактарында нөшөрлүү жаан-чачын болоруна байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел каптоонун алдын алуу максатында үй жанындагы, чарбактардагы арыктарды тазалоону өтүнөт.

Израилдеги кол салуудан сегиз киши жаракат алды

Тель-Авивде жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп, бычак менен кол салуудан кеминде сегиз киши жаракат алды. Бул тууралуу The Jerusalem Post кабарлады. Социалдык тармактардагы видеого караганда, унаа тротуарга чыгып кетип, бир нече жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Андан соң айдоочу унаадан чыгып, өтүп бара жаткандардын бирине бычак сайган. Бир жабырлануучунун абалы оор экени кабарланууда. Абайлагыла, видеодо кол салуу жана …

«Ош» аэропортунан кайсы өлкөлөргө учууга болот? (тизме)

Ушул жылдын жай мезгилинде «Ош» эл аралык аэропортунан бир катар өлкөлөргө, ошондой эле Кыргызстандын шаарларына учуулар жүзөгө ашырылат. «Манас» ААКсы каттамдардын толук тизмесин сунуштайт: Россия “Avia Trafic Company” авиакомпаниясы: Ош-Екатеринбург-Ош – жумасына 1 жолу (ишемби күнү); Ош-Иркутск-Ош – жумасына 1 жолу (жекшемби күнү); Ош-Красноярск-Ош – жумасына 1 жолу (ишемби); Ош-Москва-Ош ( 747 каттам) – жумасына …

Назарбаев өзүнүн атындагы университет, мектептер жана фонддун төрагасы макамынан ажыратылды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 4-июлда Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевди университеттин, мектептердин жана анын атындагы фонддун жогорку башкаруу органынын жетекчиси макамынан ажыраткан өзгөртүүлөргө кол койду. Атап айтканда, “Назарбаев Университетинин, Назарбаев интеллектуалдык мектептеринин жана Назарбаев Фондунун макамы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүдө. Кабыл алынган мыйзамга ылайык, жогорку камкорчулар кеңешинин төрагасы болуп Казакстандын президенти же Казакстандын …

Кыргызстандык 10 бүтүрүүчү Кытайдын ЖОЖдоруна бюджеттик негизде окууга өттү

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда кытай элчиси министр Иманалиевге КМШ Стипендиялары программасынын алкагында Кытайдын жогорку окуу жайларына өткөн 10 кыргызстандык стипендиаттын тизмесин тапшырды. Элчи кыргызстандык студенттер аракетчил келерин айтып, Кыргызстандан барган студенттер Кытайдын жогорку окуу жайларында билимин мыкты …

Республика аймагында мыйзамсыз миграцияны уюштурган 104 факты аныкталды

Республика аймагында мыйзамсыз миграцияны уюштурган 104 факты аныкталды, деп билдирет КР ИИМдин басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлиги ЖККУга мүчө мамлекеттердин 2025-жылга чейинки мөөнөткө мыйзамсыз миграцияга каршы жамааттык тутумун өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планына ылайык иш-чараларды жүргүзүүдө. Алсак, ушул жылдын 19-июнунан 25-июнуна чейин Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы …

Бишкекте сугат лотокторун орнотуу иштери уланууда

Бишкекте сугат лотокторун орнотуу иштери уланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагына темир-бетон сугат лотоктору жана түтүкчөлөр орнотула баштады. Лотоктор секундуна 40-50 литр суу өткөрүүгө жөндөмдүү. Белгилей кетсек, буга чейин лотоктор Токтоналиев көчөсүндөгү 24 үйдүн маңдайына, Күрөңкеев көчөсү менен Табачный көчөсүнүн кесилишинде орнотулган. Ал эми Зеленая көчөсүнө 50 түтүкчө жана 11 темир бетон …