Бишкек жана Ош шаарларына Сауд Аравиясынын Жидда шаарынан үзгүлтүксүз түз аба каттамдары аткарыла баштайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчилиги тарабынан жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында Сауд Аравиясынын “Flynas” авиакомпаниясынын жетекчилиги эки өлкөнүн ортосунда үзгүлтүксүз түз аба каттамдарды аткаруу боюнча чечим кабыл алды. Ага ылайык “Flynas” авиакомпаниясы Жидда-Ош-Жидда багыты боюнча алгачкы …
