Борбордук шайлоо комиссиясы 6-июлдагы отурумунда Фарходбек Алимжанов менен Фархат Исмаиловду мандатынан ажыратты. Буга жасалма диплом маселеси себеп болгон. Бул арада мандатынан кол жууган эки депутаттын ордуна парламентке кимдер келет? деген суроо көпчүлүктү кызыктырууда. Талапкерлердин партиялык тизмесинде «Ата-Журт Кыргызстандан» кийинки орунда Канатбек Маматов, ал эми «Альянста» Элдар Абакиров турат. Эки талапкер Жогорку Кеңешке депутат болуп келиши …
