«Суюктук көп ичип, желдеткичтин астында турбаңыз». Аптаптуу ысыкта дарыгерлердин сунуштары

2023-жылдын 18-21-июль күндөрү өлкө аймагында ысык аба ырайы сакталып, абанын күндүзгү табы 40 градуска чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Синоптиктердин билдирүүсүнө таянсак, абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40 градуска чейин, Талас облусунун өрөөнүндө 33…38 градуска чейин болушу күтүлөт. Мындай кургак ысык аба ырайында күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө аракет кылуу сунушталат. Адистер …

Соцкелишим: Миңден ашык үй-бүлө тейлөө жана соода тармагында бизнес ачты

Кыргызстанда аз камсыз болгон 1 106 үй-бүлө «социалдык келишим» долбоорунун алкагында тейлөө жана соода тармагында бизнес ачышты. Мындай маалымат Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин бизнес-долбоорлорду иш чөйрөсүнө бөлүштүрүүнү талдоосунда келтирилет. Ведомстводон билдиришкендей, анын ичинен 586сы соода чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөр: 317си – тамак-аш азыктары менен соода кылуу, 269у – кеңсе товарларын, кийим-кечелерди, телефондорду, этнотоварларды, зер буюмдарын, …

Бишкекте кыска метраждуу тасмалардын эл аралык фестивалы өтүүдө

Кечээ, 18-июлда Бишкек шаарындагы «Манас» кино театрында «Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү» аттуу XI эл аралык фестивалдын расмий ачылышы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Иш-чарага маданият министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев жана кыргызстандык, Азербайжан, Армения, Беларусь, Грузия, Казакстан, Россия, Өзбекстандан келген кинорежиссёрлор катышты. Фестивалга келген кадырлуу коноктор …

Абактагы жаран ишкерди 224 миң сомго алдап кеткен

Ишкерди абакта жазасын өтөп жаткан жаран телефон аркылуу алдап кеткен кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Панфилов районунун 35 жаштагы тургуну ички иштер органдарына телефон алдамчыларга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Арыздануучунун айтымында, өзү жеке ишкер, ун сатуу менен алектенет жана интернетте өз продукциясын жарнамалайт. Июнь айынын ортосунда …

Жыргалбек Шакиев Бишкектин Ленин районунун акими болуп дайындалды

Шакиев Жыргалбек Тургунбекович Бишкектин Ленин районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти. «Аким КР “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесине, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын реестрине ылайык дайындалды», — деп айтылат билдирүүдө. Тиешелүү буйрукка Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Ысык-Көлдү тазалоонун 115-күнү. 10 тоннадан ашуун таштанды чыгарылды

 Ысык-Көлдөн 115 күндө 10 тонна 405 кг таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Министрликтин маалыматына караганда, ушул тапта Чолпон-Ата шаарындагы, Кара-Ой айылындагы муниципалдык жана жеке менчик эс алуу жайларына караган көл түбү тазаланууда. Ошондой эле «Ак-Бермет», «Рахат», «Алтын-Көл», «Элинг», «Евразия» жана ден соолукту чыңдоо жана “Мөлтүр” кемеси токтоочу жайдын суу …

МСК: Эки жумада лотереянын катышуучулары 972 млн сомго кассалык чектерди сканерлешти

2-июлдан – «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын 2-этабы башталгандан тартып, жарандар «Салык чек» тиркемеси аркылуу 972 млн сомдон ашык суммага кассалык чектерди сканерден өткөрүштү. Мамлекеттик салык кызматынан (МСК) билдиришкендей, бүгүнкү күнү лотереянын катышуучуларына 2-июлдан тартып сканерден өткөрүлгөн кассалык чектердин суммасынан түзүлгөн 860 миңден ашык ID-номер ыйгарылды. Эскерте кетсек, ID-номерлер жумасына 2 жолу: дүйшөмбүдөн …

Эл акыны Шайлообек Дүйшеев ТҮРКСОЙ уюмунун алтын медалы менен сыйланды

Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев ТҮРКСОЙ Эл аралык уюмунун жогорку даражадагы алтын медалы менен сыйланды. Сыйлыкты ТҮРКСОЙ Эл аралык уюмунун Башкы катчысы Султан Раев тапшырган. Бул медаль акындын түрк дүйнөсүнүн маданиятын өнүктүрүүгө кошуп жаткан жигердүү салымы үчүн ыйгарылган. Кошумчалай кетсек, Шайлообек Дүйшеев II жана III даражадагы «Манас» орденинин, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын, Байдылда Сарногоев атындагы Эл …

Орунбеков курулуш тармагында миңдеген жумуш орундары бош турганын айтты

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков курулуш тармагында миңдеген жумуш орундары бош турганын Фейсбуктагы баракчасына жазды. «Кыргызстанда оор сыноолор, чек арадагы кагылышуудан кийинки ири чыгымдарга карабай өлкө аймагында курулуштар кызуу жүрүп жатат. Быйыл 204 мектептин курулушу башталды, анын жүздөйү ушул жылы бүтөт. Ар кандай социалдык обьектилер, жолдор, ГЭСтер, ипотекалык үйлөрдүн курулуштары бар. Жеке курулуш …

Президент мамлекеттик тил жөнүндө конституциялык мыйзамга кол койду

 Президент Садыр Жапаров “КР мамлекеттик тили жөнүндө” (17-июль 2023-жылы № 140) КР конституциялык Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирди. Мыйзам 2023-жылдын 31-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 13-беренесин иш жүзүнө ашыруу максатында иштелип чыккан, ага ылайык кыргыз тили …