Садыр Жапаров Мединада Мухаммед пайгамбардын мечитине барды

 Президент Садыр Жапаров Сауд Аравия Падышалыгына болгон жумушчу сапарынын алкагында Мединадагы Масжид Ан-Набавиге (Мухаммед пайгамбардын мечити) барды. Мамлекет башчысы Масжид Ан-Набавиде намаз окугандан кийин, Садыр Жапаровго Мухаммед пайгамбардын (САВ) сөөгү коюлган жерге кирүүгө жол ачышты. Президент Садыр Жапаров кыргыз элинин бакубат жашоосун жана өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүн тилеп, дуба кылды. Аль-Масжид ан-Набави (Пайгамбардын Мечити) — Сауд Аравиянын …

Бишкектин Абдрахманов көчөсүндөгү кеңейтилген курулуштар буздурулууда

 Бишкектин Абдрахманов көчөсүндөгү кеңейтилген курулуштар буздурулууда, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы мэрдин орун басары Нурдан Орунтаевдин жана Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкуловдун катышуусунда долбоорлорго туура келбеген кире бериш топторду, ошондой эле уруксат берилбеген кошумча курулуштарды бузуу иштери жүргүзүлүүдө. Башкармалыктын кызматкерлери Биринчи май акимиатынын …

Куткаруучулар Ала-Арча капчыгайында дайынсыз болуп жаткан туристти издөөдө

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Ала-Арча капчыгайында дайынсыз болуп жаткан чет элдик жаранды издеп жатышат. ӨКМден билдиришкендей, 32 жаштагы К.С., аттуу турист 14-июлдан бери дайынсыз болууда. Туугандары ал Ала-Арча капчыгайындагы Семенов — Тянь-Шань чокусуна чыгып, байланыш жок болуп жаткандыгын айтышкан. «19-июлда ӨКМдин «Эделвейс» тоодо куткаруу кошуунунан алты куткаруучу жөнөтүлгөн. Алар кечки саат 21:20да Ала-Арча капчыгайында түнөп, …

Ошто кош бойлуу айымдарга көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапатын көзөмөлдөө боюнча жыйын өттү

Бүгүн Ош шаарынын мэриясында кош бойлуу аялдардын медициналык жана социалдык кызматтарга жеткилүүлүгүн жакшыртуу максатында, жергиликтүү деңгээлде өз ара аракеттенүүнүн ведомстволор аралык кызматташуусун түзүү боюнча мэрия тарабынан 2023-2025-жылдарга иштелип чыгып, бекитилген иш мерчеминин аткаралышы боюнча жыйын өткөрүлдү. Жыйынды Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров алып барып, ага Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Нургүл Ибраева, Милдеттүү медициналык …

2024-жылы Кыргызстанда 11 ГЭС пайдаланууга берилет – Энергетика министрлиги

2024-жылы Кыргызстанда 11 гидроэлектростанция пайдаланууга берилет. Бул тууралуу 2023-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгаруу боюнча министрлер кабинетинин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Министрдин айтымында, анын ичинен бешөө ири ГЭС, калганы чакан ГЭСтер. Бул жылы ишке берүү пландалып жаткан ири станциялардын тизмеси: — Кара-Жыгыч (Жалал-Абад облусу, Токтогул району) – 1 МВт; — Сары-Таш (Жалал-Абад облусу, …

Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда сел жүрүшү күтүлөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 20-июлунан 22-июлуна чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Бирөө каза болду, жабыркагандар бар. Бишкектин четинде жүк ташуучу унаа маршрутканы артынан келип сүздү

Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунда жогорку ылдамдыкта келген жүк ташуучу унаа жүргүнчүлөрдү ташыган №169- маршрутканы артынан келип сүзгөн. Кырсыктын видеосу социалдык тармактарга тарады. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришкендей, алдын ала маалыматка ылайык, алты адам жабыркап, бирөө каза болду. Ошондой эле ведомстводон кошумчалашкандай, ыкчам маалыматка ылайык, жүк ташуучу унаанын айдоочусу уктап …

Чүйдө эне-бала сууга агып, бирөөсүнүн сөөгү табылды

Чүйдө эне-бала сууга агып, бирөөсүнүн сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады. Маалыматка ылайык, Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок айыл аймагына караштуу эс алуучу жайда наристе апасы менен сууга түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Кырсык катталган суу жээгине жалпы 12 куткаруучу тартылган. Издөөнүн натыйжасында куткаруучулар тарабынан А.Э. аттуу аял кишинин сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал …

Айсулуу Тыныбекова UWW рейтингинде 2-орунга көтөрүлдү

 Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова (62 кг) Бириккен күрөш дүйнөсүнүн рейтингинде 2-орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу UWW (Бириккен күрөш дүйнөсү) сайтында айтылат. Аталган рейтинг 13-16-июлда Венгрияда өткөн рейтингдик турнирден кийин өзгөртүлгөн. Анда Тыныбекова алтын медаль уткан. Бул жыйынтык Кыргызстанга 8000 упай алып келди.Азыр Тыныбекованын активинде 66075 упай бар жана 3-орундан 2-орунга көтөрүлүп жатат. Бул 2023-жылдын эсебинен рейтинг …

ИИМ: Россиянын жаранын опузалап, 315 миң сом алгандар кармалды

Россиянын жаранын опузалап, 315 миң сом алгандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ИИМдин Ички иликтөө кызматына Россиянын жараны З.Э. кайрылып, 2023-жылдын 20-апрелинде кафеден «Д» аттуу кыз жана укук коргоо органдарынын белгисиз кызматкерлери баңгизатын жабарлануучуга жашыруун таштап, андан соң белгисиз кызматкерлер аны үйүнүн жанынан кармап, кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн коркутуу жолу менен …