Жалал-Абад шаарында мамлекеттик тил эрежелери сакталбаган, кыргыз тилинде туура эмес жазылган көрнөк-жарнактардан арылуу максатында рейд уюштурулду. Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө эскилиги жеткен жана тил эрежелерин сактабаган көрнөк-жарнактар жеринде алынып, бир катар соода түйүндөрүнүн, ашканалардын ээлерине эскертүүлөр берилди. Рейдге шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, тийиштүү мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышты. Эскерте кетсек, мындай рейддер байма-бай уюштурулуп келет. …
