Коррупциялык схемаларды түзүүгө шектелген Улуттук госпиталдын мурдагы башкы дарыгери Токтобай Маанаев ооруканага түштү. Бул тууралуу Govori.TVга өздүк булактар кабарлады. Маалыматка караганда, Маанаев 4-июлда инфаркт алып, Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына түшкөн. Эске салсак, Улуттук госпиталдын мурдагы башкы дарыгери үстүбүздөгү жылдын март айында кармалган. Атайын кызмат башкы дарыгердин медицина кызматкерлеринен акча талап кылганына байланыштуу 20дан ашуун факты катталганын …
