Бишкекте каналдан аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аялдын сөөгү борбор калаанын Шабдан Баатыр проспектиси менен Муктар Ауэзов көчөсүнүн кесилишинде каналдан табылган. Жерине 5 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти. Учурда Свердлов райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан маркумдун өздүгү такталууда.
