Бишкекте 7 кг жакын мефедрон менен эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Буга чейин ыкчам кызматкерлер Кыргызстанга психотроптук заттардын ири партиясын алып келүү жана сатуу каналын түзгөн белгисиз адамдар тууралуу маалыматты текшеришкен. 2023-жылдын май айында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү Нарын облусунун тургуну 2003-жылы туулган М.Ж. …
