Кыргызстанда биринчи жолу өпкө лобэктомия операциясы жасалды

Кыргызстанда биринчи жолу өпкөнүн лобэктомиясы боюнча (өпкөнүн иштешин сактоо менен бир бөлүгүн алып салуу) минималдуу инвазивдүү хирургиялык операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мастер-класс режиминдеги бул операция КРнын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунда Синьцзян медициналык университетинин Көкүрөк хирургиясы борборунун дарыгерлеринин делегациясынын илимий иш сапарынын алкагында жүргүзүлдү. Кытай делегациясын борбордун …

УКМК: Энергетика министринин орун басары жана “Кыргызкөмүр” ишканасынын коммерциялык директору кармалды

Энергетика министринин орун басары М.Ж. (Mирлан Жакыпов:) жана “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын коммерциялык директору А.С. кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. УКМК тарабынан Энергетика министрлигинин, анын карамагындагы “Кыргызкөмүр” МИнин, “Ысык-Көл кемечилиги” жана Балыкчы шаарындагы жүктөө-түшүрүүчү пункту филиалдарынын кызмат адамдарына карата Бишкек шаарындагы ЖЭБге багытталган көп миллиондук көмүрлөрдү уурдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш иши …

Бишкектен Махачкалага авиакаттамдар жанданат

Ушул жылдын 24-июнунда «Урал аба жолдору» авиа компаниясы Махачкала-Бишкек-Махачкала багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамды калыбына келтирүүнү максат кылууда. «Манас» аэропортунан билдиришкендей, каттамдар жумасына бир жолу — ишемби күндөрү аткарылат. Эске салсак, Red Wings Airlines аталган багыт боюнча жумасына бир жолу – шаршемби күндөрү каттамдарды аткарат. «Манас» ААКсы бул каттамга байланыштуу бардык суроолор боюнча авиакомпанияга түз кайрылууну …

Кум үстүндөгү футбол боюнча Кыргызстандын кубогу өтөт

Кум үстүндөгү футбол боюнча Кыргызстандын кубогу өтөт. Бул тууралуу Футзал ассоциациясынан билдиришти. Спорттук иш-чара 2-5-июль күндөрү Ысык-Көлдүн Тосор айылында өтөт. Катышуу үчүн байланыш телефону: 0556 122-232 Эске салсак, кубоктун учурдагы ээси Нарындын “Теңир-Тоо” командасы.

Бишкекте 19 жаштагы кызды поезд сүзүп кетти

Бүгүн, 19-июнда Бишкекте 19 жаштагы кызды поезд өлтүрө сүзүп кетти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Биринчи май райондук милициясынан билдиришти. Белгиленгендей, милицияга билдирүү саат 02:30да түшкөн. Аталган факт Биринчи май райондук милициясынын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. “Кыздын өздүгү такталды. Учурда милиция кызматкерлери окуянын келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн бардык зарыл болгон тергөө …

Саламаттык сактоо министри Өкмөттүк акселератордун алкагындагы иштердин аткарылышы менен таанышты

Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатыровага Бишкек шаарынын ҮМБсына болгон сапары учурунда Өкмөттүк акселераторлордун алкагында күбөлөндүрүүдөн өтүү, кайра күбөлөндүрүү, майыптык фактысын аныктоо процедураларын жөнөкөйлөтүү боюнча саламаттык сактоо системасы тарабынан жүргүзүлгөн иштер менен тааныштырылды. Бул процедураны жөнөкөйлөтүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды чогултуу, сактоо жана иштеп чыгуу үчүн санариптик чечим иштелип чыкты. Талап кылынган документтердин санын (11ден 2ге …

Мадумаровду жоопко тартуу маселесин караган комиссия качан чечим чыгарат?

Жогорку Кеңештин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуу маселесине байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия бир айдын ичинде тыянак чыгарат. Бул тууралуу депутат Миргүл Темирбаева билдирди. «Түзүлгөн комиссия 3 ирет жыйынга чогулду. Башкы прокуратурадан, Ички иштер министрлигинен алынган материалдарды кароодобуз. Иштеги документтер толук иликтенип бүткөндөн кийин гана комиссия чечим чыгарат, регламент боюнча бир ай …

ӨКМ сел жүрүү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел жүрүү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты. Ведомствонун маалыматына таянсак, 20-22-июнь күндөрү абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун дэңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Сел коркунучуна байланыштуу, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, …

Быйыл Ош облусунда 50дөн ашуун бала бакча колдонууга берилет

2023-жылы Ош облусунун аймагында 50дөн ашуун бала бакча ачылып, колдонууга берилет. Бул тууралуу Ош облустук администрациясынын жумушчу кеңешмеси учурунда белгилүү болду. Белгилүү болгондой, Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылоосунда Ош облусунун аймагында жалпы 136 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылат. Быйыл анын элүүсү пайдаланууга берилет.

Акча алуу максатында. Султанбаев телефондук алдамчылык фактылары көбөйгөндүгүн билдирди

Акыркы убакта белгисиз бирөөлөр акча каражатын алуу максатында өздөрүн жогорку кызматтагы адамдарбыз деп тааныштырган телефондук алдамчылык фактылары кайрадан көбөйдү. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев маалымдады. Ал билдиргендей, анын ичинде өздөрүн президенттин басма сөз катчысы деп тааныштырган учурлар да катталууда. «Алдамчылардын “курмандыктары” көбүнчө мамлекеттик кызматкерлер. Аларга телефон чалып, өлкөнүн жогорку жетекчилиги катышчудай ар кандай …