Тажикстандын Башкы прокуратурасы «Ориёнбанктын» төрага орун басары Шухрат Исматуллоевдин уурдалышына байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги (ИИМ) Исматуллоевди уурдоого тиешеси бар адамдарды аныктоого жардам бергендерге 30 миң доллар өлчөмүндө сыйакы убадалады. Расмий маалыматтарга ылайык, банкирди белгисиз адамдар 23-июнь күнү кечинде Душанбенин Исмоили Сомони районунан уурдап кетишкен. ИИМдин билдирүүсүндө Исматуллоевди төрт киши терезелери караңгылатылган …
Путин Россия элине кайра кайрылуу жасады
Россия президенти Владимир Путин 24-июнда болгон «Вагнер» окуясынан кийин түз эфир аркылуу Россия элине кайра кайрылуу жасады. “Бүгүн мен дагы бир жолу Россиянын бардык жарандарына кайрылам. Чыдамдуулугуңуз, тилектештигиңиз жана мекенчилдигиңиз үчүн рахмат. Жарандык тилектештиктин күчү ар кандай коркутуу, ички башаламандыктарды жаратуу аракетин ийгиликсиз кыларын көрсөттү”, — деди Путин. Ошондой эле ал кырдаалды тынчтык жолу менен …
ЖК комитети «Элдик курултай жөнүндө» мыйзам долбоорун жактырды
Бүгүн, 27-июнда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет «Элдик Курултай жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, жактырды. Мыйзам долбоору тууралуу комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова маалымат берди. Мыйзам долбоору президенттин демилгесинин негизинде жазылган. Бул долбоорду карап чыгуу боюнча ар бир фракциядан бирден депутат катышкан жумушчу топ түзүлүп, алар 22 беренени …
Эми бажы төлөмдөрүн «РСК банк» аркылуу каалаган учурда төлөөгө мүмкүн
Эми бажы төлөмдөрүн «РСК банк» ААК аркылуу накталай эмес онлайн төлөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын алдын ала болжолдоо жана эсепке алуу бөлүмунүн башчысы Айзада Халикова билдирди. Анын айтымында, бажы төлөмдөрүн онлайн төлөө бажы кызматынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында ишке ашырылды. «Биз «РСК банк» менен …
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд куб метрге жетти
Бүгүн, 27-июнга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 млрд 79 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 991 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 383 куб метрди түзүүдө. Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.
Пара менен кармалган Чүй облусунун прокуратурасынын башкы адиси УКМКнын тергөө абагына камалды
20 миң АКШ долларын алып жаткан жеринен кармалган Чүй облусунун прокуратурасынын бөлүмүнүн башкы адиси А.У.А. УКМКнын тергөө абагына камалды. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты. Эске салсак, УКМК Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы менен биргеликте үстүбүздөгү жылдын 23-июнунда 20 миң АКШ долларын алып жаткан жеринен Чүй облусунун прокуратурасынын бөлүмүнүн башкы адиси А.У.А. кармалган. Ал арыз ээсине карата …
Бишкек мэриясы: 1-июлда Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат
1-июлда «Ала-Тоо» аянтында Салык кызматынын «Чек талап кылып – байге утуп ал!» лотереясы өтөт. Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага байланыштуу саат 18.00дөн 00.00гө чейин Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат. Шаардык мэрия жарандардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана маршрутту алдын ала пландаштырып алууну суранат.
Ысык-Көл милициясы мас-рестлинг боюнча Азия чемпиону наамын жеңген кесиптешин куттуктады
Ысык-Көл милициясы мас-рестлинг боюнча Азия чемпиону наамын жеңип алган кесиптеши Кымбат Нуржанованы куттукташты. Облустук милициядан билдиришкендей, иш-чарада ошондой эле Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы Жеңиш Келдибаевди туулган күнү менен куттукташты. Буга байланыштуу облустук милициянын аянтында100гө жакын милиция кызматкери тизилди. Мамлекеттик гимн аткарылгандан кийин, облустук милициянын башчысы Орунбай Кочкоров куттуктоо сөзүн айтты. «Эгерде …
Тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты чыңдоо. КР ИИМдин делегациясы иш сапары менен Кытайда болду
Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов башында турган делегация 19-23-июнь аралыгында Кытайда иш сапары менен болду. КР ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кыргыз делегациясы Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур Автономиялык районунун Коомдук коопсуздук департаментинин чакыруусу менен барган. Иш сапардын негизги максаты — КР ИИМдин чек арага чектеш бөлүктөрү менен КЭР СУАРдын ортосундагы тажрыйба алмашуу …
Эксперт Бекешовдун айткандары жөнүндө: Эгер мамлекеттик ЖМКлар жоюлса, анда биздин коом кимдин күн тартибинде жашайт?
эксперт Бактыбек Саипбаев Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешовдун Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин ишмердүүлүгү боюнча парламентте агенттиктин техникалык базасын чыңдоо маселесин кароодо айткан пикири менен макул эмес. Анын айтымында, ар бир адам мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары менен көз карандысыз деп аталган маалымат каражаттарынын ортосундагы айырмачылыкты билет. «Албетте, муну депутат дагы билиши керек. Бийликтин расмий органы …