Жаңылыктар

FIFA рейтингинде Кыргызстан бир позицияга төмөндөдү

Бүгүн FIFA уюму футбол боюнча улуттук курамалардын дүйнөлүк рейтингин жарыялады. Ага ылайык, Кыргызстандын улуттук курама командасы бир позицияга төмөндөдү — буга чейин 96-орунда болсо, эми 97чи баскычта (211 орундун ичинен). АФКнын рейтингинде улуттук курамакоманда 46 орундун ичинен 17-сапта жайгашкан. Аргентина, Франция жана Бразилия топ 3 дүйнөлүк рейтингдеги лидерлер болгон. АФК рейтингиндеги алдыңкы үч лидери — …

Жаңылыктар

Бүгүн Ташкенттеги автобустар жаштардан жол кире албайт

Ташкенттеги автобустар Өзбекстанда 30-июнда белгилене турган Жаштар күнүнө карата бүгүн 14 жаштан 30 жашка чейинки жүргүнчүлөрдөн жол кире албайт. Бул тууралуу «Газета.уз» сайты калаанын акимчилигине шилтеме кылып кабарлады. «Тошшахартрансхизмат» компаниясынын маалыматына караганда, жаштар өкмөттүн 1-июндагы жыйынында кабыл алынган протоколдун негизинде бекер ташылат. Ошол эле маалда билдирүүдө жүргүнчүлөрдүн жаш курагы кантип аныкталары так көрсөтүлгөн эмес. Өзбекстанда …

Жаңылыктар

Ысык-Көлдө УКМК кызматкерлеринин балдары үчүн лагерь ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу жаңы «Айкөл» балдар ден соолугун чыңдоо борборун ачты. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, буга чейин мекеме «Спутник» деп аталып келген. Мамлекет башчысы өз сөзүндө улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери Ата Мекен алдындагы ыйык милдетин кынтыксыз аткарууда, мамлекетти ички жана тышкы коркунучтардан коргоодо бекем туруп, чын ниети менен …

Жаңылыктар

Мадонна ооруканага түшүп, дүйнөлүк турнесин кийинкиге жылдырды

Америкалык ырчы Мадонна кооптуу бактериялык инфекция менен ооруканага түшүп, дүйнөлүк турнесин кийинкиге калтырды. Бул тууралуу менеджери Гай Осири Instagram баракчасына жазды. Анын айтымында, бир нече күн жандандыруу бөлүмүндө жаткан 64 жаштагы ырчынын абалы жакшырып баратат, бирок дагы эле дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ал гастроль качан болору тууралуу кийинчерээк маалымат берилерин билдирди. Page Six порталы жазгандай, Мадонна эс-учун …

Жаңылыктар

Казакстанда 93 киши тамакка ууланды

Казакстандын Түркстан облусундагы Кентау шаарында 93 киши тамакка ууланып ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын облустук департаменти кабарлады. Маалыматка караганда, уулануу белгилери менен шаардык ооруканада жаткандардын 41и балдар, үчөө кош бойлуу келин. «Бейтаптардын баары шаардагы «Ризык Рауаны» тез татым кафесинде тамактанганын айтып жатышат. Бүгүнкү күнгө карата кафенин ишмердүүлүгү токтотулуп, текшерүү иштери башталды. Буга Санитардык-эпидемиологиялык …

Жаңылыктар

Бишкек шаарынын конуштарында 140, 180, 280 орундуу үч бала бакча курулууда

Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда 140, Көк-Жар конушунда 180 жана Дордой конушунда 280 орундуу үч бала бакча курулууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Калыс-Ордодогу бала бакча 7 тайпага ылайыкташкан жана жалпы аянты 0,68 гектарды түзөт. Долбоор боюнча имаратта уктоочу бөлмөлөр, оюн — зоок бөлмөлөрү, буфет, ашкана, жуунуч бөлмөлөрү, медициналык кабинет, кызматкерлердин бөлмөсү, …

Жаңылыктар

Прокуратура тергөө функцияларынан четтетилди. ЖК мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдоду

Жогорку Кеңеш «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» КРнын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоорун колдоду Демилгечи – Кыргызстандын президенти. Мыйзам долбоору прокурордук көзөмөлдүн чегинен чыккан, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын айрым ченемдерине карама-каршы келген прокуратура органдарынын ыйгарым укуктарын алып салуу максатында даярдалган. Тагыраагы, тергөө жүргүзүү боюнча прокуратура органдарынын функцияларын алып салууга багытталган. Талкууда депутат …

Жаңылыктар

Кыргызстанда желим баштыктарды колдонууга чектөө киргизилет. ЖК мыйзам долбоорлорун кабыл алды

Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында «КР аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндөгү” жана “КР укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорлору каралып, үчүнчү окууда кабыл алынды. Демилгечи – Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев. Мыйзам долбоору полимердик материалдардын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин азайтуу максатында иштелип чыккан. Тагыраагы, мыйзам долбоорлору аркылуу Кыргызстанда …

Жаңылыктар

ИИМ: Ысык-Көлдө эс алуучулардын коопсуздугу көзөмөлдө

Ички ишер министрлигинин атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Ысык-Көлдө эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоодо. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ИИМдин буйругунун талаптарын аткаруу максатында Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Чолпон-Ата шаарында жана Бостери айылында кылмыштуулуктун жана тартип бузуулардын алдын алуу, ошондой эс алууга келген меймандардын коопсуздугун камсыздоо менен кайгуулдоо иштерин жүргүзүшүүдө. Андан тышкары, кызматка …

Жаңылыктар

Жалал-Абад облусунун аймагында мыйзамсыз иштеген 60 мечит аныкталды

 Жалал-Абад облусунун аймагында мыйзамсыз иштеген 60 мечит аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан имамдары жергиликтүү тургундар тарабынан өзүм билемдик менен дайындалып, ошол эле учурда тиешелүү теологиялык билими жок, өз ишмердүүлүгүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын макулдугусуз жүргүзгөн мыйзамсыз мечиттерде экстремисттик идеологияны пропагандалоону аныктоо боюнча комплекстүү иш-чаралар тынымсыз жүргүзүлүүдө. Мечиттердин курулушун …