Жаңылыктар

Жээнбековдун жубайынын камактагы мөөнөтү узартылды

Саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаеванын камактагы мөөнөтү 25-сентябрга чейин узартылды. Мындай чечим Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан 21-июлда кабыл алынган. Эске салсак, Алимбаева 25-майда УКМКнын тергөө абагына суракка чакырылып, камалган. Ал Бишкек шаарындагы эки жер тилкенин мыйзамсыз сатылышы боюнча шек саналып жатат. алимбаева өзү коюлган айып менен макул эместигин айткан.

Жаңылыктар

Ноокен районунун кызмат адамдары жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелип кармалды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун кызмат адамдары жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун аймагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жасалма чечимдери менен жер тилкелерин мыйзамсыз берүү боюнча көптөгөн фактылар, ошондой эле айыл чарба багытындагы жерлерге трансформациялоосуз жеке …

Жаңылыктар

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу – Чек ара кызматы

Бүгүн, 25-юилга карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу деп мүнөздөлүүдө. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. Белгилей кетсек, кечээ, 24-июлда Баткен облусунун Баткен районунун Дача жергесинде Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыккан чыр күч алып кетпеши үчүн чек ара өкүлдөрүнүн, күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин жана тараптардын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын башчыларынын бир нече жолугушуулары …

Жаңылыктар

Саламаттык сактоо министрлиги медицина кызматкерлерин кагаз документтеринен бошотот

2023-жылдын 20 июлунда «Санарип MED» санариптик саламаттыкты сактоону өнүктүрүүнүн максаттуу моделин ишке ашыруунун алкагында Саламаттык сактоо министрлиги Электрондук документтер формасында медициналык документтерди жүргүзүү бөлүгүндө саламаттык сактоо системасында документ жүгүртүүнү уюштуруу жобону бекитти. Ведомстводон билдиришкендей, бул жобого ылайык, медицина кызматкерлери мындан ары кагаз бетинде жана маалыматтык системада баштапкы медициналык документтерди кайталоонун зарылдыгы жок, бул аларга бейтаптарга көбүрөөк …

Жаңылыктар

Бишкек мэриясы газ менен жүрүүчү жаңы автобустардын келишине даярдык көрүүдө

“Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы” муниципалдык ишканасынын базасында газ менен жүрүүчү жаңы автобустардын келишине даярдоо иштери кызуу жүрүүдө. Муниципалитеттен билдиришкендей, ишкананын базасында 300 даана эски Ясин автобустары сатылды. Эски автобустардын 90%ы алып салынып, сатылган автобустардан чыккан таштандыларды чыгаруу иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти менен биргеликте Исакеев көчөсүндөгү жеңил конструкцияны бузуу иштери жүрүп …

Жаңылыктар

Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде тургундар арасында чыр чыкты

24-июлда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде чек арага канатташ аймактардын тургундары ортосунда чыр-чатак чыкты. Бул тууралуу УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы маалымдайт. Билдирүүгө ылайык, Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургундары Д.Ж. жана Д.А. жеке автоунаада Ак-Сай — Көк-Таш жолунда бара жатышкан. Ошол эле убакта аталган жол менен Тажикстандын жарандарына таандык 8 автоунаадан турган …

Жаңылыктар

Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу: Кутманованын баласы депортация борборунда

Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын уулу Кемел Кутмановго байланыштуу маалымат таратты. Дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришкендей, ал азыр депортациялоо борборунда жана жакынкы аралыкта Кыргызстанга өткөрүлүп берилет. Башкы консулдуктан билдиришкендей, анын дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат түшкөндөн кийин Кыргызстандын Түркиядагы бардык дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, анын ичинде консулдук, ИИМ түрк полициясы …

Жаңылыктар

Twitter логотибин өзгөрттү

Twitter өзүнүн көгүш чымчык логотибин кара фондогу ак X белгисине өзгөрттү. Ребрендинг тууралуу буга чейин социалдык тармактын ээси Илон Маск билдирген. «Жакында биз Twitter бренди, бара-бара анын бардык чымчыктары менен коштошобуз», — деп жазган ишкер. Көк чымчык менен социалдык тармактын оригиналдуу логотиби 2012-жылы иштелип чыккан. Ребрендингдин алкагында платформанын түсүн кара түскө өзгөртүү да пландалууда. Жаңы …

Жаңылыктар

Жапаров “Элдик курултай жөнүндө” мыйзамга кол койду

 Президент Садыр Жапаров «Элдик Курултай жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына кол койду. Конституциялык мыйзам 2023-жылдын 29-июнунда КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Ал КР Конституциясынын 7-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Анда Элдик Курултайдын укуктук статусу, анын иш принциптери, Элдик Курултайга делегаттардын шайлануу тартиби аныкталган. Ошону менен бирге конституциялык мыйзам Элдик Курултайды өткөрүүнү уюштуруу …

Жаңылыктар

Маршруткада ыйлап, жардам сураган келинге коргоо ордери берилди

Социалдык тармактарда маршруткада жардам сурап, ыйлап жатканы тартылган келиндин видеосу тараган. Анын колунда кичинекей баласы болгон. Аял ыйлап, жардам сурап жатканына карабай, күйөөсү аны түшүрбөй, унаасын айдап кетип калганын көрүүгө болот. Окуя 24-июлда Бишкектеги Asia Mall соода борборунда болгон. Аталган факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталган. «Унаадагы жаран 37 жаштагы А.К. экени аныкталып, милицияга чакырылган. …